Language switcher

  • 523 просм.

Калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуунун мамлекеттик программасынын алкагындагы ТОТ

Компаниянын кызматкерлери  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  тарабынан  координацияланган 2016-2020-жылдарга калктын  каржылык сабаттуулугун жогорулатуунун  Мамлекеттик  программасынын алкагында  тренерлер үчүн  окуудан (ТоТ) ѳтүштү.

Бул программанын алкагында  АМФУ 2019-жылдын июнь айынан тартып  Германиянын Эл аралык кызматташтык Коому (GIZ)  менен биргеликте  тренерлерди  даярдыктан ѳткѳрүүгѳ  жана калкка  каржылык  сабаттуулук боюнча  кеңири масштабдагы тренингдерди  уюштурууга багытталган долбоорду ишке киргизди.

Биздин компаниянын устат-тренери-  «Борбордук» филиалынын директору Чолпон Асакеева келечекте  ѳлкѳбүздүн калкы менен  каржылык сабаттуулук боюнча  машыгууларын бѳлүшѳ турган  11 кызматкерге 4 күндүк тренинг ѳткѳрдү.

Окутуу тѳмѳнкү бѳлүмдѳр боюнча уюштурулду:

– Каржылык  пландаштыруу жана бюджет;

– Каржылык сактоолор;

-Карыз алуу;

-Тобокелдиктер жана каржылык коопсуздук;

-Каржылык  тейлѳѳнү пайдалануучулардын укуктарын коргоо.

Окутулган бардык кызматкерлер сертификаттуу  тренерлер болуп калышты, алар ѳлкѳбүздүн  бойго жеткен калкына – каржылык тейлѳѳнү пайдалануучуларга, студенттерге, ишкерлерге, бюджеттик уюмдардын  кызматкерлерине окутуу иштерин  жүргүзүшмѳкчү .

Окутууну жүргүзүүнүн  натыйжасында  Кыргыз Республикасынын жаранынын , ошону менен катар жаш муундардын финансылык сабаттуулугу жана жеке менчик каражаттарын  натыйжалуу пайдалануусу жогорулай тургандыгы күтүлѳт.

  • admin      
  • 523 просм.
Бөлүшүү: