Language switcher

  • 619 просм.

Байлык Финанстын Ысык-Кѳлдѳгү Team buildingи

Үстүбүздѳгү жылдын  ѳзгѳчѳ  ысык июлунун орто ченинде 200дѳн ашык кызматкерлер үчүн   жыл сайын ѳткѳрүлүп салтка айланып калган, ысыктыгы жайкы  ысыктан кем эмес  иш-чара – «Байлык финанстын» Team Buildingи ѳткѳрүлдү. Ал Ысык-Кѳлдүн жээгинде  уюштурулду, Сиздер байкап-билип  калгандай, биз ѳз берметибизди чексиз сүйѳбүз.

Алгачкы күнү  биздин ансыз деле  ынтымактуу жамаатыбызды шексиз түрдѳ ого бетер бириктирүүчү  командалык иш-чаралар ѳткѳрүлдү. Биздин тездик менен ѳсүп жаткан командабызда  жаңы кызматкерлер кѳп болгондуктан, сынактар алардын ѳз ара жакыныраак  таанышууларына  ѳбѳлгѳ түздү. Эми атаандаштык учурунда аны менен капталдарыбыз тийишип турган соң, мындан ары ал кызматкерге  башкы кеңседен коркпостон  кайрылуу жасай алаарың талашсыз. Кызматкерлерди жагымдуу жана  кызыктыруучу байгелер дагы кубандырды.

Албетте, айрым кызматкерлердин жана бүтүндѳй кеңселердин  жетишкендиктери кѳз жаздымда калган жок.  Биринчи кезекте  алардын эмгектеринин натыйжасында  Компания  2018-жылдын бюджеттик кѳрсѳткүчтѳрүнѳ  жетип, аны ашыра орундатуу менен,  2019-жылы да  ылдамдыкта ѳсүүнү  жана кеңейүүнү улантууда.  Иштериндеги ѳнүгүүлѳрү  жана жылыштары үчүн  Жалал-Абад  жана Исфана  филиалдары белгиленди, ошондой эле 24 мыкты  кызматкер  эсте калаарлык Ардак Грамоталары менен  жана андан кем эмес эсте калаарлык  белектер – тиричилик техникалары менен сыйланышты. Ошол эле күнү  кечинде шыктандырган  дискотека ѳткѳрүлдү.

Ал жердеги кийинки күн толук эс алуучулардын карамагында болду. Бардыгы сууга түшүп,  күнгѳ күйүшүп, кѳлдүн таза абасы менен дем алышты, бир сѳз менен айтканда, жаңы ийгиликтерге   жетүү үчүн     күч топтошту.

  • admin      
  • 619 просм.
Бөлүшүү: