Language switcher

  • 479 просм.

МФУА-2021 Шахматтык турнирине «Байлык Финанс» МККнын кызматкерлери катышышты

Өткөн дем алыш күндөрү “Байлык Финанс” МККнын кызматкерлери МФУА -2021 шахматтык турнирине катышышты.

Шахмат боюнча турнир МФУАнун мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн арасында өткөрүлдү.

Жана биз эң сонун жаңылык менен бөлүшүүгѳ кубанычтабыз, биздин кызматкер айым биринчи орунду ээлеп, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын медалы жана сертификаты менен сыйланды.

Биздин кызматкерлерибиз биздин күчүбүз экенине дагы бир жолу ынандык! Сыймыктанабыз жана мындан аркы ийгиликтер менен  жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.

Турнирди уюштургандыгы үчүн МФУАга ыраазычылык билдиребиз жана жемиштүү кызматташуубуз мындан ары да уланарына ишенебиз.

  • admin      
  • 479 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви