Language switcher

  • 605 просм.

Каржылык сабаттуулук боюнча онлайн курсу

“Каржылык билим – каржылык коопсуздуктун негизи”

Улуттук банк Турин шаарындагы (Италия) Эл аралык эмгек уюму/Эл аралык окуу борбору менен биргеликте Тренерлер жана консультанттар альянсы (ATiK) менен кызматташуу аркылуу кыргыз тилинде каржылык сабаттуулук боюнча биринчи онлайн курстун башталышын жүзѳгѳ ашырды. Онлайн курс каржылык сабаттуулук боюнча жаңы билим алууга кызыккан колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнѳ арналган жана жайгашкан жерине жана убактысына карабастан бардыгына окуу материалдарына акысыз түрдѳ жетүүлѳрүнѳ кенен мүмкүнчүлүк берет. Үй-бүлөнүн каржысын пландаштыруу жана аны башкаруу процессине үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүн тартууга өзгөчө басым жасалган. Толук курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучулар электрондук сертификат алышат.

Онлайн курска кирүү үчүн бул шилтемени басыңыз https://ecampus.itcilo.org/course/view.php?id=878&lang=ky

Каржылык сабаттуулук боюнча онлайн курс “Коомчулуктун инклюзивдик жана тынч өнүгүүсү үчүн миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу  биргелешкен долбоордун алкагында иштелип чыккан жана Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ), Миграция боюнча Эл аралык уюм (МЭУ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу Фондунун каржылык колдоосу менен Аялзат- БУУ аркылуу жүзѳгѳ ашырылат.

Курс 4 модулдан жана өз алдынча окуу үчүн 15 окуу сессиясынан турат, биздин өлкөнүн аймактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан жана ылайыкталган актуалдуу маселелерди камтуу менен, калктын каржылык сабаттуулугундагы боштуктарды толтурат.

  • admin      
  • 605 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви