Language switcher

  • 641 просм.

МКК «Байлык Финанс» ЖАКму Европа Реконструкциялоо Жана Өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ) менен кредиттик келишимге кол койду

2024-жылдын 3-4-октябрында МКК «Байлык Финанс» ЖАКму Түркиянын Анталия шаарында өткөн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан уюштурулган «Парижге жолдор» конференциясына катышты. 💼
Бул иш-чара биздин Компания үчүн маанилүү окуя болуп калды: МКК «Байлык Финанс» ЖАКму ЕРӨБ менен 2 миллион долларлык кредиттик келишимге кол койду. Бул каражаттар Кыргызстандагы жаштардын башкаруусундагы же алар жетектеген чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүүгө «Бизнестеги жаштар» программасынын алкагында багытталат.✨

🤝🏻ЕРӨБ менен узак жылдардан берки ийгиликтүү кызматташуунун жыйынтыгында, Байлык Финанс Кыргыз Республикасында «Бизнестеги жаштар» программасын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн алган биринчи каржы институту болуп калды жана бул программа Казахстан, Узбекистан, Таджикистан каржы институттары менен катар жүргүзүлүүдө.
«Байлык Финанс» компаниясы жаш ишкерлерди колдоого ардайым умтулат жана анын портфелинде 35 жашка чейинки кардарлар 40%дан ашуун үлүшкө ээ. Жаштарды ишкердикке тартуу туруктуу, инклюзивдүү жана ишенимдүү экономиканын пайдубалын түзүүгө ачкыч болуп саналат. Жаш ишкерлер жумуш орундарын түзүү жана инновациялар, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана алдыңкы ишкердик ыкмалары аркылуу экономикалык өнүгүүгө түрткү берүү үчүн чоң потенциалга ээ. Өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, жаш ишкерлер бизнесин өнүктүрүүгө жана гүлдөп-өсүүгө керектүү ресурстарга жетүүдө ар кандай тоскоолдуктарга туш болууда.

«Бизнестеги жаштар» программасынын негизги максаты – жаш ишкерлер өз убагында каржылык колдоого алынса, чоң ийгиликке жетише аларын көрсөтүү. Ошол эле учурда, аларга ишкердиктин негиздерин жана каржылык сабаттуулукту үйрөтүү куралдарын иштеп чыгуу, каржылык тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзөт. Ал эми бизнес-процесстерди санариптештирүү, анткени жаштар көбүнчө мобилдик тиркемелерди жана онлайн операцияларды тандашат, өлкөдөгү жалпы санариптешүүнү тездетет. Ошентип, бул Программа жаштар башкарган ишкердиктин өнүгүшүнө гана эмес, каржы секторуна да таасир этет жана аймактын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт», – деп кол коюу аземинин жыйынтыгында МКК «Байлык Финанс» ЖАК компаниясынын Башкы директору Чинара Молдажанова белгилеп кетти.

  • admin      
  • 641 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви