Language switcher

  • 617 просм.

Кичи жана орто бизнес үчүн насыялар мындан да жеткиликтүү болот

“Байлык Финанс” МККсы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 19-ноябрда өлкөнүн алыскы аймактарындагы микро жана чакан бизнести каржылоо үчүн жергиликтүү валютада 2 миллион долларлык насыялык келишимге кол коюшкандыгын  «Байлык финанс» МККсы кабарлады.

10 жылдан бери рынокто иштеп келе жаткан «Байлык Финанс» Компаниясынын ийгиликтүү жана оң динамикасы ЕРӨБнан насыя алуусунун негизги факторлорунун бири болду, ал эми азыр биз өлкө боюнча 43 000ден ашык кардарларды тейлеген Кыргызстандагы үчүнчү ири микрофинансылык мекемебиз, алардын 59%га жакыны аялдар жана 80%ы айыл жеринин тургундары.

Бул насыя COVID-19дан кийин каражатка өзгөчө муктаж болгон микро жана чакан бизнести каржылоо үчүн багытталат. Буга байланыштуу аялдарды каржылоо эле эмес, окутуу жана кеңеш берүү программаларын жүзѳгѳ ашыруу жагы да каралган KyrSEFF программасы жана ЕРӨБнын командасынын жардамы менен аялдардын ишмердүүлүгүнүн деңгээлин өнүктүрүү маселесин дагы камтыган башка демилгелерин алдын ала талкуулоо иши жүргүзүлдү.

“Бул биздин Компаниянын Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биринчи кызматташуусу. Биз алардын өнөктөшү болгонубузга кубанычтабыз. Биргелешкен аракет менен айыл жеринен келген ишкерлерге каржылоого жетүүгө жардам беребиз деген ишеничтебиз. Биз ЕРӨБ менен башка тармактарда кызматташууну кеңейтүүнү,  мисалы, Кыргызстандагы азыркы энергетикалык каатчылыкка байланыштуу өзгөчө актуалдуу болуп саналган энергоэфефективдүүлүк компоненти менен турак жай насыяларын  берүүнү, ошондой эле ишкер аялдарды каржылоону пландаштырып жатабыз», – деди «Байлык Финанс» МККсынын башкы директору Чинара Молдажанова .

Өз кезегинде, ЕРӨБнын Каржылык мекемелер менен иш алып баруу  департаментинин башкаруучу директору Фрэнсис Малиж белгилегендей, бул насыяны «Байлык Финанс» Компаниясына берүү менен ЕРӨБ Кыргыз Республикасында насыяны жергиликтүү валютада берүүнү стимулдаштырат жана жаңы каражаттарын жергиликтүү ишканаларды COVID-19 пандемиясынан кийин калыбына келтирүүгө багыттайт.

  • admin      
  • 617 просм.
Бөлүшүү: