Language switcher

  • 521 просм.

«Байлык Финанс» Компаниясы сүт ѳндүрүүчүлѳрдүн «Кыргыз сүт» семинар-жарманкесинде

Өткөн дем алыш күндөрү «Байлык Финанстын»  Канттагы кеңсесинин жамааты Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында өткѳрүлгөн сүт ѳндүрүүчүлѳрдүн «Кыргыз сүт» Республикалык семинар-жарманкесине катышты.

Жарманкеге 800гө жакын фермерлер катышып, алар үчүн ачык лекция ѳткѳрүлдү жана анда тѳмѳнкүдѳй ѳтѳ маанилүү темалар чагылдырылды:

  • «Сүттөгү антибиотиктер»;
  • «Евразэстин сүткө карата талаптары».

Ошондой эле жарманкеде Швицтик, Голштинсктик, Кызыл талаалык, Симменталдык, Абердин-ангусстук жана башка породалардагы асыл тукум уйлардын көргөзмөсү өткѳрүлдү.

Өндүрүүчүлөр өздөрүнүн продукцияларын: минералдык – витаминдүү тоюттарын, саан жабдыктарын, үрөндөрүн көрсөтүшүп, сүт азыктарынын дегустациясын уюштурушту.

«Байлык Финанс» ѳздѳрүнүн фермерлер үчүн   арзандатылган тѳмѳндѳгү ѳзгѳчѳ продуктыларын кѳрсѳтүп сунуштады: Кошумча баанын чынжырчасы, жогорку натыйжалуу үйүрдү түзүүчү электрочабандар, жылдыгы 14% түзгѳн «Ѳнүгүү» насыясы.

  • admin      
  • 521 просм.
Бөлүшүү: