Language switcher

  • 643 просм.

Бишкек ш. Рахматова Токтогулдүн ийгилик баяны

Рахматова Токтогул өз ишин билгичтик менен өнүктүрө билген ийгиликтүү ишкер айымдын үлгүсү гана эмес, ошондой эле өз кесибин жан дили менен сүйгөн.
Токтогул Бишкек шаарынын жанындагы конушта жашап, иштейт, үй-бүлөлүү, үч баланын энеси. Токтогул көп жылдардан бери бизнес менен алектенет — жеке менчик «Бала-Ордо» бала бакчасы бар. «Байлык Финанс» менен 2019-жылдан бери кызматташып, алган насыяларын бизнесин өнүктүрүүгө жумшаган. Ар бир жаңы насыяда Компаниянын кызматкерлери анын бизнесинин өнүгүүсүндөгү оң өзгөрүүлөрдү байкашат. Алгач Токтогул бала бакчанын эмеректерин жаңыртуу үчүн «Байлык Финанс» компаниясынан насыя алып, кийин бизнесин өркүндөтүп, өз убагында каржылоо мамлекеттик мектептер жана бала бакчалар жетишсиз болгон жаңы конуштарда дагы эки бала бакча ачууга шарт түздү. Мындан тышкары Токтогулда 26 адам иштейт.

Ал өтө жоопкерчиликтүү жана өз ишине чоң сүйүү менен мамиле кылат. «Биз убактыбыздын көбүн жумушта өткөрөбүз, эртеден кечке жасаган ишиңизди сүйбөй коюу мүмкүн эмес! Балдар менин жашоом! Мен алардын өсүп, өзгөрүшүн көргөндү жакшы көрөм. Эң негизгиси, өзүмдүн районумдагы элдин жашоосун жакшыртууга салымымды кошо алганыма кубанычтамын!», – деп белгилейт Токтогул.

  • admin      
  • 643 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви