Language switcher

  • 605 просм.

Кочкорлук Ходжашева Ханифанын ийгилик баяны

2017-жылдан бери Байлык Финанс менен кызматташып келе жаткан Кочкор-Ата кеңсесинин кардары Ходжашева Ханифанын окуясынын менен бөлүшүүбүз келет. Биринчи жолу үйдү оңдоо үчүн насыя алган Ханифа, Компаниянын туруктуу жана ишенимдүү кардары болуп калган жана бизден 10 жолудан ашык насыя алды! 2021-жылы Ханифа бизнести өнүктүрүү үчүн 250 000 сом насыя алып, тамак-аш соодасы менен алектенет. Консультациянын жүрүшүндө финансы адиси Ханифага насыя менен бирге өмүрүн жана ден соолугун камсыздандырууну сунуштады, бул аны келечекте боло турган форс-мажордук кырдаалдардан коргойт, ошондой эле үстөк пайызына 2% жеңилдик алууга мүмкүнчүлүк берет.
Ханифа камсыздандырууну мурда жолуктурбагандыктан, бул кызмат ага канчалык пайдалуу болушу мүмкүн деп күмөн санады. Бирок комиссиянын баасы алгылыктуу болгондуктан, макул болууну чечти. Түзмө-түз бир нече ай өткөндөн кийин, Ханифа күтүүсүз шашылыш операция болуп калган, анын өт баштыкчасы алынган. «Байлык Финанстын» кызматкери камсыздандыруу окуясын толтуруу үчүн операцияга кандай документтердин пакети керектигин сунуштады, Ханифа баарын даярдап берди.


«Байлык Финанс» компаниясынын ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча өнөктөшү болгон ден соолукту камсыздандыруу компаниясы Ханифага 54 600 сом төлөп берген, бул дарылануу жана реабилитацияга кеткен чыгымдарды гана жаап тим болбостон, Ханифа реабилитация учурунда убактылуу иштебегендиктен, насыяны жарым-жартылай төлөөгө мүмкүнчүлүк берген.
Ханифа: “Азыр өзүмдү жакшы сезип жатам, бул окуя мен үчүн көрсөткүч болду. Төлөм алуу мага кыйын учурларда жардам берди, камсыздандыруунун аркасында карызым жок калды. Мен камсыздандырууга болгон мамилемди толугу менен өзгөрткөм. Бул окуядан кийин мен өзүмдү жакшы сезип жатам. Достор жана тааныштар өздөрүн камсыздандырышат. Жардамыңыз жана колдооңуз үчүн, ошондой эле ар дайым бизге кам көрүп жатканыңыз үчүн Байлык Финанс компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз».

  • admin      
  • 605 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви