Language switcher

  • 603 просм.

Чолпон Асакеева менен айыл чарбасындагы түгѳнгүс энергия булактарынын технологиялары жѳнүндѳ маек

 Жашыл экономиканы жайылтуунун методдору катары түгѳнгүс энергия  булактарынын технологияларынын айыл чарбасын ѳнүктүрүүдѳгү ролу, электр чабандарын колдонуу, күн кургаткычтары жана  башка кѳп нерселер тууралуу «Байлык финанс»  микрокредиттик компаниясынын  «Борбордук»   филиалынын директору Чолпон Асакеева  «Кыргызстандын агрардык  платформасына» берген  маегинде  айтып берди.

-Кутмандуу күнүңуз менен, биз  менен маектешүүгѳ убакыт бѳлгѳнүңүз үчүн чоң рахмат.

Жашыл экономикада иштѳѳ идеясы сизде кандайча пайда болду?

-Кыргызстанда жашыл экономиканы ѳнүктүрүү стратегиясы  биздин миссиябызда камтылган: айыл-кыштактардын жана кичи  шаарчалардын жашоочуларынын тиричилик деңгээлдерин жогорулатуу максатында  алар үчүн жеткиликтүү  финансылык чечимдерди  түзүп берүүнү кѳздѳйбүз. Бизди  курчап турган айлана-чѳйрѳнүн  кѳйгѳйлѳрү  ѳлкѳбүздүн келечекте туруктуу ѳнүгүүсүнѳ  коркунуч  жаратаарын  барыбыз эле түшүнүп турабыз, алардын ичинен эң  опурталдуулары – жаратылыш ресурстарынын түгѳнүшү жана анын натыйжасы катары ден соолугубуздун начарлашы.

Бул багыттагы биздин биринчи кадамыбыз «Турак жайды микрофинансылоо» IFC программасы менен  биргелешекен долбоор  түзүү болду. Калкыбызга   энергоэфективдүүлүк жѳнүндѳ  жеткиликтүү маалымат берүү  долбоордун максаттарына жүктѳлгѳн.

Белгилеп кетсем, бул программа менен иш жүргүзгѳн  5 жыл ичинде  биз бир топ  жакшы натыйжаларга  жетиштик:

-5 миңден ашык энергоэфективдүүлүктү  жакшыртуу  каржыланды;

– 34 миллион сомдон ашык каражат  үнѳмдѳлдү;

-кѳмүр 11 тоннага аз жагылды, ал эми биз ѳзүбүздүн кардарлардын ыраазычылык  добуштарына  ээ болдук.

Жогоруда айтылгандардын бардыгы бизди кийинки кадамга  шыктандырды.

Биз күн, шамал жана биомасса сыяктуу түгѳнгүс энергия   булактарынын түрүнѳ кирген ѳндүрүш формаларын каржылоо  боюнча программаны  ишке киргиздик.

– Сураныч, сиздер тараптан фермерлерге насыя менен  алууга сунуш  кылынып жаткан техникалардын түрлѳрү жѳнүндѳ айтып бериңизчи?

– IFC программасы менен кызматташуунун алкагында альтернативдик энергия булактарында  иштѳѳчү  жабдууларды сатып алуу үчүн  «Энергиянын түгѳнгүс  булактары» (ЭТБ) аттуу жаңы кредиттик  продукт иштелип чыкты.

Бүгүнкү күндѳ  күн кургаткычтары , электрочабандар жана  күн батареялары (панелдер) эн  популярдуулар болуп саналат.

Ошого ылайык мен эң оболу  дыйкандардын кургатып сактагысы келген  мѳмѳ -жемиштерди , жашылчаларды, чѳптѳрдү,  куруттарды, балыктарды жана башка ушул сыяктуу  азыктарды кургатууга  арналып  чыгарылган  SD-10 күн кургаткычы  тууралуу айтып берейин.

Сыртта, ачык аба астында кургатуу учурунда  күндүн күйгүзүүчү түз нурларынын, жаандын, оору козгогучтардын , чаң менен  кумдун бузууларынын; канаттуулар, кемирүүчүлѳр жана курт кумурскалардын булгоо  себептерине байланыштуу азыктардын айрым баалуулуктары  жоготууга учурайт.

-Күн  кургаткычтарынын  кандай ѳзгѳчѳлүктѳрү бар?

– SD-10 күн кургаткычы ЭТБ  энергоэфективдүүлүктү  ѳнүктүрүү  Борбору тарабынан   Кыргызстандын шарттарына ылайыкталып, жергиликтүү  адистер тарабынан  ѳндүрүлѳт жана анын иштѳѳсүндѳ  түгѳнгүс  технологиялар пайдаланылат.

Аба күн коллектору  аркылуу ѳтүп  баратып ысытылат жана  желдеткич аркылуу  кургатуу тилкесине  сорулуп барып, кургаткычтардагы  мѳмѳ жемиштерге, жашылчаларга, чѳптѳргѳ жел үйлѳйт.  Нымдуу ысык аба  сыртка атайын тешикче   аркылуу айдалат. Кургаткычтагы  азыктардын  абалы кургаткычтын арткы айнек эшикчесинен кѳрүнүп турат.

Кургаткычтагы температура  айланадагы  абанын  кѳлѳкѳдѳгү температурасынан орточо  эсеп менен 15-20˚С жогору болуп ,55-60˚Сга жетет.

Кургатууну эртең менен баштоо түзүк.

Кургатуу үчүн бардык  азыктарды 0,5-0,8 см ден  ашпаган калыңдыктагы  тегерекчелер, мамычалар же тилкечелер формасында кесүү менен поддонго арасынан  торчо  аркылуу аба ѳткүдѳй  кылып  бир катмардан жаюуу керек.

Курутту толук кургатууга жетишүү  үчүн  шарик түрүндѳ эмес, шайба формасында даярдоо пайдалуу.

Күн кургаткычтын натыйжалуу  иштеши үчүн  аны күндүн нуру  коллекторго  жана электрдик панелге  тике түшѳ тургандай кылып    түштүктү карай багытташыбыз керек.

Кургаткычка орнотулган дѳңгѳлѳктѳр менен  кармагычтар жана кургаткычтын ѳлчѳмүнүн чакандыгы  (узундугу – 1,2 м., бийиктиги 1м., туурасы- 0,65 м., салмагы 43 кг) аны жеңил айлантууга жана ордун алмаштырууга мүмкүндүк берет. Күн бүркѳк болуп турган учурда же түнкүсүн кургаткычты  220Вт  тармагына туташтыруу менен кургатуу процессин  уланта берүүгѳ болот. Мындай учурда  ал саатына 0,45 кВт керектейт.

Күн кургаткычтары азыктарды абанын температурасы +20˚С тегерегинде (мындайча айтканда эрте жаздан кеч күзгѳ чейин) кургатууга, бир мезгилде  10 кг чейин жүктѳѳгѳ, кургатылуучу азыктардын даамдарын, түсүн, алардын пайдалуулугун сактоого, кургатуу убактысын 1-2 күнгѳ чейин тездетүүгѳ жана тышкы булгануулардан коргоого мүмкүндүк беришет.

– Демек анда Сиздер жашыл экономикага эле эмес, жергиликтуу ѳндүрүшкѳ дагы ѳз салымыңыздарды  кошуп жаткан турбайсыздарбы?

-Ооба, сиздики туура. Кургаткычтар Кыргызстанда ѳндүрүлѳт. Азыркы учурда биз аларды  сатууну ПРООН жана ОПЕК Фонду  тарабынан каржылануучу «Чакан жана орто ишмердүүлүктүн энергияга жеткиликтүүлүгүн ѳнүктүрүү» проектисин  аткарып жаткан ЭТБ жана энергоэфективдүүлүктү ѳнүктүрүү  Борбору  менен ѳнѳктѳштүктѳ  жүзѳгѳ ашырып жатабыз. Фермерлердин   аталган  күн кургаткычтарды 20% арзандатуу менен алууга болгон мүмкүнчүлүктѳрү ушундай ѳнѳктѳштүктүн   натыйжасы болуп саналат.

-«Электрочабан»  аттуу продукт дегенибиз эмне жана фермерлер үчүн анын пайдасы эмнеде?

– Электрочабандын иштѳѳ принциби жѳнѳкѳй: аккумулятор күн энергиясын топтойт, генератор секундасына  1 жолку жыштык менен тосмого ѳткѳргүчтѳрү аркылуу  ѳткѳн жогорку чыңалуудагы  импульстарды жаратат. Жаныбардын кашаага тийген учурунда электр тогу малдын денеси аркылуу жерге ѳтѳт. Жаныбар электр тогунан жеңил сокку алат дагы  кашаадан четтейт. Токтун соккусу малдардын ѳмүрүнѳ  коркунуч туудурбайт жана аларда тосмого  жакындабоо боюнча  туруктуу рефлексти  пайда кылат. Электрочабан биомассаны түп тамыры менен  жок кылуу максатында жыш эгилген  чектелүу аянтта малды кыска убакытка  жайылтууга мүмкүндүк берет.

Ѳсүмдүктѳр  катмарларын каршылаштыруу жана  аны кезек менен пайдалануу  жайыт ѳсүмдүктѳрүнүн  жакшыруу механизминин  аракетин жѳнгѳ салат; ушуга байланыштуу мал башка жер бѳлүгүнѳ которулганда ѳсүмдүк  катмары интенсивдүү түрдѳ ѳнүгѳ баштайт.

Бул принципти сактоо менен жайыт жерлеринин бир топ түшүмдүүлүгүнѳ жана малдын эт-сүттүүлүгүнүн жогорулашына жетишүүгѳ болот.

Электрочабан фермер үчүн табылга, анткен себеби ал аркылуу бир катар кѳйгѳйлүү  маселелер чечилет: мезгилге жараша жайыт аймагы  которулат, жайыттарды пайдалануу  мѳѳнѳтү узартылат,  малчылардын эмгеги жеңилдейт жана  ѳзгѳчѳ маанилүү натыйжа- саалган сүттүн кѳлѳмү  бир кыйла  жогорулайт. Электрочабан  ошондой эле  дыйкандарга жана багбандарга алардын жер  тилкелерин сактап калууга кѳмѳк кѳрсѳткѳн  пайдакерге айланышы ыктымал.

-Энергиянын түгѳнгүс булактарынын (ЭТБ) жабдууларынын бири катары Сиз күн панелин айтып ѳттүңүз. Аларды пайдалануунун артыкчылыгы эмнеде?

-Айтчу нерсе, күндѳн электр энергиясын ѳндүргѳн күн панелдери ѳзгѳчѳ тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн актуалдуу жана жайкысын бийик тоолуу жайлоолорго  кѳчүп баруучу малчылар жана туристтик  бизнес менен алектенген  ишкерлердин  арасында барган сайын  популярдуу болуп бара жатат , анткени  панелдер боз үйлѳрдѳ, чатырларда, мейманканаларда  ж.б. жерлерде  колдонулат. Алар электр энергиясы менен  камсыз болушкан эмес, ал эми күн системалары электрдик  аспаптардын иштѳѳсүн камсыздоого мүмкүндук берет − 12 вольттук телевизордун жарыктандырылышынан жана иштѳѳсүнѳн, телефондор менен ноутбуктарды заряддоодон баштап чакан муздаткычтарды жана желдеткичтерди  иштетүүгѳ чейинки  салмактуураак жүктѳмдѳр дагы аткарылат.

-Оюмча, күн энергиясын пайдаланган системалар тоолордо айылдык туризм менен алектенгендер үчүн туура чечим. Аларды дагы кайсы тармактарда пайдаланууга болот?

-Күн системаларын пайдалануу чѳйрѳлѳрү бир топ кенен. Бүгүнкү күндѳ  суу ысытуу, үй жылытуу, тамак даярдоо ж.б. максатта  пайдалануу үчүн колдонулуучу системалардын ар кандай түрлѳру бар.

Күн системаларынын түрлѳрүн пайдалануунун жолдорун коомдук тамактануу, чачтарачкана, мончокана ж.б.у.с. чакан ишканалардын тейлѳѳ кызматкерлери да табышы мүмкүн.

Башкача маселе − айтылган программалар жана жабдуулар жѳнүндѳгу маалымат ойдогудан тѳмѳнүрѳѳк болууда, ошондуктан «Байлык Финанс» микрокредиттик компаниясынын кызматкерлери айыл ѳкмѳттѳрүндѳгү жеке ишкерлер жана  фермерлер менен жолугушууларды жигердүү ѳткѳрүшүп, радио берүүлѳргѳ катышышып, бир нече   макалаларды жарыялашып, ошону менен бирге бардык активдүү жана жарамдуу кардарларга ушул сыяктуу жабдуулардын  артыкчылыктарын жеткиликтүү  айтып беришүүдѳ. Ишеничим, мындай практика  миссиябызды жүзѳгѳ ашырууда оң гана натыйжаларды берүү менен бирге айлана чѳйрѳнү жана экологияны сактоого ѳз салымын кошот.

МКК «Байлык Финанс» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү тууралуу толук маалыматты www.bf.kg сайтынан табууга же 0(312) 314 910  телефон номерине чалуу менен билүүгѳ болот.

Басылманын толук версиясын бул жерден тапса болот : http://agroplatform.kg/wp-content/uploads/2019/05/%D0%B2%D0%B5%D1%80%D1%81%D1%82%D0%BA%D0%B0_lite-7_1.pdf

  • admin      
  • 603 просм.
Бөлүшүү: