Language switcher

  • 30 просм.

Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү!

🌍 5-июнь — Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү!🌿

Бул маанилүү майрам дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарды бириктирип, Жер планетасына кам көрүүнүн маанилүүлүгүн эске салат. Бул күндүн максаты — ар бир адамды табиятты жана келечек муундарды сактоо үчүн колдон келгендин баарын кылууга шыктандыруу, ошондо алар таза жана кооз планетадан ырахат ала алышат.

«Байлык Финанс» МКК ЖАК экологиялык демилгелерди активдүү колдойт жана жаратылышты коргоого кам көрөт. Биз бул жаатта түрдүү иш-чараларга катышабыз, айлана-чөйрөгө сый мамиле кылабыз жана аны сактоо үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз! 🌱

Бул күнү ар ким өз салымын кошо алат:
🛍️ Пластик баштыктардан баш тартыңыз — экологиялык кездемеден жасалган баштыктарды тандаңыз
🌳 Досторуңуз менен бирге дарак отургузуңуз — бул абага жана жаратылышка пайдалуу жана кооз
🚮 Табиятта сейилдеп жүргөндөн кийин артта таштанды калтырбай, өзүңүздөн кийин тазалап кетүүнү унутпаңыз — мындай иш-аракеттерге балдарды үйрөтүп, өзүңүз үлгү болуңуз
♻️ Таштандыларды түрлөргө бөлүңүз — сорттоо зыянды азайтып, ресурстарды кайра иштетүүгө жардам берет

Келгиле, планетабызга биргелешип кам көрөлү! Аны өзүбүз жана келечек муундар үчүн жакшыраак кылалы!

  • admin      
  • 30 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви