Language switcher

  • 606 просм.

Чинара Молдажанова КР Улуттук Банкындагы тегерек столго катышты

2021-жылдын 7-декабрында «Байлык Финанс» Компаниясынын башкы директору Чинара Молдажанова «Микрофинансылык уюмдар Ассоциациясы» ЮЖБнин тарабынан уюштурулган кезектеги микрофинансылык тегерек столуна катышты.

Микрофинансылык тегерек столунун жыйынына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, «Микрофинансылык уюмдардын Ассоциациясы» ЮЖБнин, ошондой эле микрофинансы секторунун өкүлдөрү катышышты.

Микрофинансылык тегерек столу микрофинансы секторунун орчундуу маселелери талкууланган салттуу иш-чара болуп саналат. Иш чаранын катышуучулары рыноктун андан ары ѳнүгүүсүнѳ, микрофинансы системасында туруктуулукту сактоого жана  короновирустук инфекцияга  байланышкан кризистин кесепеттерин  жумшартууга, микрофинансылык кызматтарды цифровизациялоону ѳнүктүрүүгѳ, ошондой эле микрофинансылык уюмдардын ишмердүүлүгүн жѳнгѳ салууну жакшыртууга багытталган микрофинансылык сектордун ѳзгѳчѳ маанилүү маселелерин талкуулашты.

Аталган  тегерек столдун алкагында «Байлык Финанс» Компаниясынын башкы директору Компаниянын кардарларынын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иштердин презентациясы менен тааныштырды. «Белгилей кетүүчү нерсе, биздин Компания каржылык  сабаттуулук боюнча бир катар билим берүү программаларын үзгүлтүксүз өткөрүп келет. Бул маселе боюнча системалуу иш алып баруу өзгөчө өлкөнүн алыскы аймактарында өтө маанилүү экенин белгилегим келет, анткени мындай тренингдерде биз кардарларды күтүлбөгөн чыгашалардан кантип коргонууну, үй-бүлөлүк бюджетти туура башкарууну, каржылык продуктыларды, тактап айтканда насыяларды  ойлонуу менен тандоону практика жүзүндѳ окутабыз. Каржылык сабаттуулуктун негиздерин билүү элдин жашоосунун сапатын жогорулатууга салым кошо тургандыгын бекем ишенич менен айтууга болот», -деп белгиледи Чинара Молдажанова.

  • admin      
  • 606 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви