Language switcher

  • 435 просм.

Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы «Майыптар коомуна» кайрымдуулук жардамы

Нооруз майрамына карата «Байлык Финанс» Микрокредиттик Компаниясы Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы «Майыптар коомуна» кайрымдуулук жардамын көрсөттү.

Бишкектин Биринчи Май районундагы «Майыптар коомунда» 203 адам болсо, алардын 48и – жакырчылыктын чегинде жашаган жана үзгүлтүксүз кайрымдуулук жардамына муктаж балдар.

Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн каражаттарына100 000 сомго тамак-аш азыктары жана керектүү гигиеналык каражаттар алынды.

Биринчи Май районунун майыптар коомдук бирикмесинин бардык тарбиялануучуларына кичине болсо да майрамдык маанай тартуулап, кадыресе жумуш күндөрүн жеңилдете алдык деген чыныгы үмүттөбүз.

  • admin      
  • 435 просм.
Бөлүшүү: