Language switcher

  • 777 просм.

БЕКЕМ ДЕН СООЛУК ЖАНА БЕЙКУТЧУЛУК

«Байлык Финанс» Микрокредиттик компаниясы Жабык акционердик уюмунун Туруктуу өнүүгүү стратегиясынын ишке ашыруунун алкагында компания өзү үчүн 5 артыкчылыктуу Максатты аныктап алды.

Туруктуу өнүгүүнүн башкы Максаттарынын бири ТӨМ 3 «Бекем ден соолук жана бейкутчулук» болуп саналат.

2024-жыл Компанияда ден соолук жана бейкутчулук жылы деп жарыяланды.

Дени сак кызматкер – бактылуу кызматкер – ыраазы кардар! Компания 2024-жылка карата сергек жашоо образын популяризациялоо жана кызматкерлердин жана кардарлардын бейпилдигине көмөктөшүү боюнча бир катар иш-чараларды пландап койду.

Үстүбүздөгү жылдын март айы бою «Ден соолук» СК өнөктөш компаниясы менен биздин ишкананын бардык кызматкерлери медициналык чек-ап (организмди толук кароодон өткөрүү) текшерүүдөн өтүшөт.
2024-жылдын 26-мартында Компаниянын башка кеңсесине мобилдик дарыгерлер тобу жиберилген, алар бир катар кароолорду өткөрүштү: лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн кызматкерлерден анализдерди алуу. Кызматкерлер жалпы клиникалык жана биохимиялык анализдерди тапшырышты.
СК «Ден соолук» Компаниясына биздин кызматкерлердин ден соолугун колдоо үчүн өткөргөн иш-чаралары үчүн ыраазычылык билдиребиз

Кызматкерлерге кам көрүү менен!

  
  • admin      
  • 777 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви