Language switcher

  • 190 просм.

БАЛДАРГА СҮЙҮҮ ЖАНА КАМКОРДУК МЕНЕН!

Байлык Финанстагы балдар бурчу — ата-энелер үчүн мыкты жардамчы.

Эң чоң бакыт, кубаныч, сүйүү, биздин келечегибиз жана бүгүнкү күнүбүз — бул биздин балдарыбыз!

МКК “Байлык Финанс” ЖАК өз кардарлары тууралуу кам көрөт жана алардын кеңсеге бала менен келишине ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ушул жылдын май айында, Компаниянын 20 кеңсесинде балдар үчүн жайлуу жана кооз бурчтар жабдылды. Биздин кичинекей коноктор көптөгөн кызыктуу жана позитивдүү эмоцияларга ээ боло алышат.

Эми кардарларыбыз каржылоо алуу боюнча маалымат алып, кредитти төлөп жаткан учурда алардын балдары убакытты кызыктуу өткөрүп, чыгармачылык менен алектене алышат

Бүгүн 1-июнь, бүткүн дүйнө Эл аралык балдарды коргоо күнү белгилеп жатат!

Биз бардык балдарды ушул мыкты майрам менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Бардык балдарга ден соолук жана кубаныч, ал эми алардын ата-энелерине ийгиликтерди жана бакубаттыкты каалайбыз! Баарыңыздарга ынтымактуу үй-бүлөлүк мамилени, жылуулук жана өз ара түшүнүүнү каалайбыз!

  • admin      
  • 190 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви