Language switcher

  • 515 просм.

Байлык Финанс фермерлерди 2 сүт завод менен биргелештирип каржылоонун жаңы схемасын ишке киргизди.

«Байлык Финанс» микрокредиттик компаниясы Бүтул Дүйнөлүк банктын  тобуна кирген Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) колдоосу менен Ысык-Көл областындагы «Ак-Булак» жана «Ак-Жалга» сүт заводдору менен биргеликте айыл чарбалык ѳндүрүү сатуу  чынжырчасын(ЦДС) каржылоонун жаңы программасын ишке киргизди. 2019-жылдын май айында «Байлык Финанс» компаниясы саан уйларды, жабдууларды сатып алуу, уйканаларды куруу жана оңдоо , сүттү өндүрүүгө байланышкан  башка операциялык чыгымдарга сарптоо үчүн фермерлерди активдүү түрдѳ  каржылай баштады.

Аталган долбоордун алкагында ар бир тарап  ЦДСтин катышуучуларынын бардыгын – фермерлерди, сүт жыйноочуларды, ири мүйүздүү малдар, жемдер, жабдуулар менен камсыз кылуучуларды комплекстүү каржылоону жүзѳгѳ ашыруу үчүн  ѳздѳрүнүң күч-аракеттерин бириктирүү боюнча келишим түзүшкѳн. Аталган программаны жүзѳгѳ ашыруу үчүн каржылоону  берилүүчү кредиттин суммасына ылайык эки булактан жүргүзүү жагы каралган:

1) Кыргыз-Россиялык фондунан кредиттик ресурстарды жеңилдетилген шарты менен, фермерлерге берилүүчү кредиттин  каржы наркынын жогорку чеги улуттук валютада жылдык 14% түзөт;

2) Компаниянын өз каражаттарынын эсебинен – улуттук валютада жылдык 32%дан баштап берилет.

Фермерлердин айтымында, мурда күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздигине байланыштуу алар бир топ кыйынчылыктарга туш болушкан, кызматташтыктын жѳнгѳ салынган чынжырчасынын жоктугу жана жеңилдетилген финансылык ресурска жетүүнүн жолдорунун татаалдыгы кыйынчылыктардын себеби болгон. Каржылоонун инновациялык схемасынын натыйжасында фермерлер зарыл суммадагы кредитти жеңилдетилген  негизде күрөөлүк камсыздоонун  талаптарынын жѳнѳкѳйлѳштүрүлүшү менен ала алышат. Андыктан «Ак-Булак» жана «Ак-Жалга» заводдору фермерлер тарабынан берилген сүттүн акыларын өз убагында төлөѳгѳ кепилдик беришкен, бул кредиттик карыздын убагында кайтарылышы жана бөлүнгөн насыялардын максаттуу пайдаланылышын  камсыздоо финансылык мекеменин кредиттик тобокелчилигин минималдаштырууга мүмкүнчүлүк түзѳт. Мындай шарттар  «Байлык Финанс» компаниясына жаңы насыя продукту үчүн пайыздык ченди олуттуу  төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул тууралуу «Байлык Финанс» микрокредиттик компаниясынын башкы директору Чинара Молдажанова тѳмѳндѳгүдѳй пикирин билдирди: «Аталган каржылоонун инновациялык схемасын (ЦДС) жүзѳгѳ ашыруу  тараптардын бардыгына артыкчылыктарды берет: биздин компанияга – кредиттик тобокелчиликти тѳмѳндѳтѳт, кардар базасын кеңейтет жана алыскы аймактарда тѳлѳмдѳрдүн накталай эмес  түрүн колдонуу кеңейтилет; сүттү кайрадан иштетүүчү заводдорго- ѳндүрүүнүн күнүмдүк көлөмү  көбөйѳт жана сапаттуу чийки заттарды туруктуу жеткирүүчү менен камсыздалат, бул болсо алардын даяр продукциянын ишеничтүү кѳлѳмү менен  жаңы рынокторго, анын ичинде ЕАЭС өлкөлөрүнө чыгуусуна мүмкүнчүлүк берет. Жакшыртылган чийки зат базасы сүттү кайрадан иштетүүчүлөрдүн эл аралык сертификациянын талаптарына (Global Gap, HACCP, ISO- кийинчирээк кошумча маалымат берилет) туура келүүсүнѳ шарт түзѳт. Аталган чынжырчадагы  эң негизги бутак бул фермерлер – сүт өндүрүүчүлөр, алар каржылоону ѳз учурунда  жана  күрѳѳлүк амсыздоону жеңилдетилген шарт менен алышууда, ошондой эле  аларга алган насыяларын узартылган мѳѳнѳттѳ  кайтаруу мүмкүндүгү берилиши ыктымал» .

Белгилей кетерибиз, «Байлык Финанс» кардарлардын тейлѳѳнүн дистанциялык каналдарын пайдалануусун кеңейтүүнү пландаштырууда, анын ичинде сүт жыйноочуларга  ачып берүүгѳ пландаштырылган электрондук капчыктар аркылуу насыяларды жабуунун көлөмүн жогорулатуу жагы каралууда. Ушуга ылайык, фермерлердин компаниянын кеңселерине келүүсүнүн зарылдыгы  жок болуп , ал эми  алар үчүн насыяны жабууну  сүт топтоочу жүзѳгѳ ашырат. Алыскы аймактардагы кардарлар үчүн тейлөөнүн мындай ыкмасы абдан ыңгайлуу,  анткени компаниянын кеңсесине келүүгѳ сарпталуучу каражаттары жана убактылары үнѳмдѳлѳт.

«Ак-Жалга» сүт заводунун директору Күлүйпа Жүзүмалиеванын айтымында,  ѳз ара кызматташуунун жана каржылоонун аталган схемасынын ийгиликтүү натыйжасында заводдун ѳндүрүш  көлөмү 2 эсеге жогорулайт жана завод өз кезегинде жергиликтуу фермерлер менен тыгыз байланышты бекемдѳѳгѳ жетише алат.

Техникалык жана консультациялык колдоо IFC тарабынан жүргүзүлѳт.

Аталган  колдоо каржылоонун жолун женилдетүүгѳ мүмкүнчүлүк берген жаңы финансылык продуктту киргизүүгѳ гана багытталбастан, кардарларды тейлѳѳгѳ жумшалуучу чыгымдарды тѳмѳндѳтүү менен биргеликте  түпкү кардарлар – сүт ѳндүрүүчүлѳр жана аны кайрадан иштетүүчүлѳр үчүн карыздык ресурстардын баасын тѳмѳндѳтүүнү да  кѳздѳйт.

  • admin      
  • 515 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви