Language switcher

  • 472 просм.

Байлык Финанс стал партнером Фонда Kiva

2023-жылдын 15-майында Байлык Финанс Кива Фонду менен кызматташуу келишимине кол койгон. 2022-жылдын ичинде Компания аккредитациялоо процессинен өттү, ал 2023-жылдын башында Кива Фондунун Инвестиция боюнча менеджери – Мирча Онитанын акыркы диагнозду жүргүзүү үчүн келиши менен аяктаган.

Бул кызматташтыктын алкагында «Байлык Финанс» калктын социалдык жактан аялуу катмарын: көп балалуу үй-бүлөлөрдү жана алыскы аймактардын тургундарын, төмөндөтүлгөн пайыздык чендин жана атайын иштелип чыккан насыя продуктыларынын эсебинен каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну пландаштырууда.

«Социалдык багыттагы компания катары биз мындай Долбоорлордун маанилүүлүгүн түшүнөбүз, 2014-жылы Компания IFC колдоосу менен айыл жергесинде энергияны үнөмдөөчү турак жай курулушун каржылоого жана энергиянын кайра жаралуучу жабдууларын сатып алууга багытталган жашыл өнүмдөрдү ишке киргизе баштаган. Кива жана Байлык Финанстын жашыл каржылоону өнүктүрүүдөгү күч-аракеттерин бириктирүү Кыргызстандагы ESG күн тартибинин алкагында актуалдуу болуп саналат”. – дейт «Байлык Финанс» МККсынын башкы директору Чынара Молдажанова.

Маалымат үчүн:

Кива Фонду 2005-жылы Сан-Францискодо негизделген эл аралык коммерциялык эмес краудфандинг уюму болуп саналат, анын миссиясы аз камсыз болгон жамааттардын гүлдөшүнө жардам берүү үчүн микрофинансылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Кива Фонду дүйнөнүн 60 өлкөсүндөгү 250 өнөктөш менен кызматташат.
Maalımat üçün:

  • admin      
  • 472 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви