Language switcher

  • 564 просм.

IFC долбоорунун алкагында Байлык Финанс компаниясынын мыкты кызматкерлерин дипломдор менен сыйлоо

6-июлда IFC турак жай долбоорун жыйынтыктоо аземи болду, анда “Байлык Финанс” компаниясынын алдыңкы кызматкерлерине ардак грамоталар тапшырылды.

Алар төмөнкүлөр:
🏆- Кристина Шаповалова – IFC турак жай долбоорунун координатору, башкы кеңсе;
🏆- Бекжан Мамытов – каржылоо боюнча менеджер, Барскоон кеңсеси;
🏆- Эльгиза Арапбаева – каржылоо боюнча башкы адис, Сузак кеңсеси;
🏆- Эрмек Аманкулов – каржылоо боюнча башкы адис, Токмок кеңсеси;
🏆- Айсулуу Саркарова – каржылоо боюнча адис, Октябрь кеңсеси.

“Байлык Финанс” – Кыргызстандагы микро турак жай жана туруктуу энергияны каржылоо боюнча HMF IFC (Дүйнөлүк Банктын тобу) программасынын өнөктөшү болгон биринчи микро финансы компаниясы.

“Биз чоң натыйжаларга жетиштик: бул долбоор боюнча 25000 үй бүлө каржыланды. Долбоорду өнүктүрүү жана алга жылдыруу өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн өтө маанилүү, анткени тарифтердин тынымсыз өсүп жаткан мезгилинде калктын энергиялык ресурстарга болгон сарптоолорун төмөндөтүүгө шарт түзөт, ошондой эле жаңы жашыл технологияларды колдонуунун эсебинен зыяндуу заттардын абага таралышын азайтуу түрүндө экологиялык да натыйжа берет.

“Энергиянын жаңыланма булактарынын негизинде жабдууларды сатып алуу боюнча долбоорлорду каржылоого өзгөчө көңүл бурууга болот” – деп “Байлык Финанс” МККсынын башкы директору Чынара Молдожанова долбоордон Компаниянын ардак грамотасын алып жатып белгиледи.

Компания муну менен токтоп калбайт, жашыл технология багытын андан ары да өнүктүрүүнү пландап жаткандыгын билдиребиз.

  • admin      
  • 564 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви