Language switcher

  • 143 просм.

ЖАНЫ ЖЫЛДА КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАЙБЫЗ

“Байлык Финанс” Компаниясы айылдардын жана чакан шаарлардын тургундарын колдоого өзгөчө көңүл буруп келет.

Жергиликтүү калктын жашоо сапатын жана шарттарын жакшыртуу үчүн Компаниянын жетекчилиги тарабынан ар дайым кайрымдуулук иш-чаралары жана акциялары өткөрүлүп турат.

Быйыл да жаңы жылдын алдында “Байлык Финанс” компаниясы кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Ушул акциянын алкагында Барскоон жана Кызыл-Суу айылдарындагы кардарларыбызга жардам көрсөтүлдү. Кардарларга 2 каптан ун берилди.

Жардам көрсөтүлгөн жашоочулардын ыраазычылыктары жана жакшы каалоо-тилектери бизди 2024-жылы бою жылытып турат деп ишенебиз!

  • admin      
  • 143 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви