Language switcher

  • 478 просм.

“Байлык Финанс” Командасы – Чемпиондор!

Ура! «Байлык Финанс»  командасы – чемпиондор!

Өткөн дем алыш күндөрү Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген 7 микрофинансылык уюмдун 5 командасынын катышуусунда мини-футбол боюнча МФУА Кубогу- 2021 үчүн III турнир өткѳрүлдү.

Быйыл биздин команда чемпиондугун дагы бир жолу тастыктады. Эки күндүк оюндардын жыйынтыгы боюнча ал беш команданы тең утуп алды.

Ѳз чемпиондорубузду куттуктайбыз! Силер мыктысыңар! Биз силерге ишенгенбиз, силерда ал ишеничти актадыңар. Биздин эң демилгелүү колдоо тайпасына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

Силер бизге жогорку маанай жана жаңы  жеңиштерге карай кошумча дем-күч тартууладыңар!

  • admin      
  • 478 просм.
Бөлүшүү: