- 25 просм.
УЛУТТУК ВАЛЮТА КҮНҮ!
Туулган күнүң менен, Сом!
1993-жылы 10-майда улуттук валюта жүгүртүүгө киргизилип, өлкөбүздө расмий төлөм каражаты болуп калды!
Кыргызстан мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттердин ичинен биринчилерден болуп өзүнүн улуттук валютасы сомду киргизген.
Сом эң коопсуз, туруктуу, кооздолгон валюталардын бири жана башка фонддордун арасында татыктуу көрсөтүлөт.
Кыргыз сомунун банкноттору 100% пахтадан жасалган жана банкнотторду жасалмалоодон коргогон жана банкноттордун аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү заманбап коргоо элементтерин камтыйт.
Кыргызстандын улуттук валютасы түзүлгөн жылдар аралыгында өзүнүн баалуулугун далилдеп, туруктуулукту сактай алды!💫

- 25 просм.