Language switcher

  • 755 просм.

“Байлык Финанс-2017 Кубогу” үчүн ѳткѳрүлгѳн мини-футбол турнири

2017-жылдын 22-октябрында Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад областынын финансы-кредиттик мекемелеринин (ФКМ) арасында «Байлык Финанс-2017» кубогуна мини-футбол боюнча кезектеги турнир откѳрүлдү. Өткөн жолкудай эле биздин компания турнирдин уюштуруучусу жана демөөрчүсү болду.

Турнирдин негизги максаты – Жалал-Абад областында иштеп жаткан ФКМнын өздүк курамынын арасында жашоонун сергек мүнѳзүн жайылтуу,   ѳз-ара тааныштыруу, алардын ич ара  жолдошчулук  байланыштарын бекемдѳѳ  жана жалпы жаштар арасында футболду өнүктүрүү болуп саналат.

«Байлык финанс» уюштурган  турнирдин өзгөчөлүгү – ага катышуу үчүн алдын ала төлөм талап кылынбайт жана адатта катышуучулар тарабынан  тапшырылуучу документтер боюнча катаал талаптар жокко эсе. ФКМнин кызматкерлеринин турнирге катышуусу областтын ФКМдеринин ортосундагы чынчылдык жана жолдошчулук мамилелерине негизделген.

Бул жылы турнирге 14 команда катышты. Бардык беттештер тажрыйбалуу жана кадыр-барктуу  калыстардын көзөмөлдүгү астында ачык -айкын жана таза ѳткѳрүлдү.

Бардык оюндардын жана жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча финалда биздин Компаниянын командасы менен РСК Банктын командасы беттешти жана биздин команда аталган Кубоктун чемпиону болду. Бирок, Компаниябыздын турнирдин уюштуруучусу экенин эске алуу менен  100 долларлык баадагы  баш байгени РСК Банктын командасына ыйгардык.

Компаниянын жетекчилигинин атынан биздин каарман кызматкер-  футболчуларыбыз: Кубанычбеков Каныбекке, Исакжанов Дилшадга, Раманкулов Нурланга , Чыныбеков Шумкарга , Калдарбеков Улукманга, Кебеков Толкунбекке, Мамытов Баянбекке ыраазычылык билдиребиз.

Ошондой эле турнирдин катышуучуларына ыраазычылык билдирүү менен  алардын Байлык Финанс Кубогун жыл сайын өткөрүп туруу жѳнүндѳгү сунуштарын жана аталган  турнирдин биздин компаниянын жакшы салттарынын бирине айлануусун колдойбуз.

 

  • admin      
  • 755 просм.
Бөлүшүү: