Language switcher

  • 233 просм.

ШАМАЛДЫ-САЙ КЕНСЕНИН АЧЫЛЫШЫ

«Байлык Финанс» Микрокредиттик компаниясы Жабык Акционердик Коому (МКК ЖАК) өлкө боюнча аймактык кеңсе тармактарын кеңейтүүдө.

Ушул жылдын 13-февралында өлкөбүздүн түштүк аймагында – Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаар тибиндеги конушта дагы бир кеңсенин ачылуу аземи болуп өттү.
Жаңы кенен кеңсенин ачылышы кардарлар үчүн да, кызматкерлер үчүн да жагымдуу иш-чара болду. Бул «Байлык Финанс» МКК ЖАКы өз кардарларына жакыныраак болууга, алар үчүн ыкчам жана ыңгайлуу тейлөө көрсөтүүгө аракет кылганын далилдейт.

Бүгүнкү күндө «Байлык Финанс» МКК ЖАКы Кыргызстандын бардык аймактарын камтый, 51ден ашык түйүндө тейлөө көрсөтөтУшул тапта Компаниянын кеңселер тармагын мындан ары да кеңейтүү боюнча пландык негизде иштер жүрүп жатат.
Шамалды-Сай кеңсеси төмөнкү даректе жайгашкан: Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары, Шамалды-Сай шаар тибиндеги конушу, Кыргызстан көчөсү, 8/1 үй.
Иштөө режими: 8.30 — 17.30. Тыныгуу: 12.30 — 13.30

Кош келиңиздер. Биздин кеңсенин эшиги сиздер үчүн дайыма ачык!

Сиздерди кубануу менен күтөбүз!

  • admin      
  • 233 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви