Language switcher

  • 999 просм.

“Байлык Финанс” Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдардын күнү менен куттуктайт!

“Байлык Финанс” Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдардын күнү менен куттуктайт!

Бул майрам дүйнө жүзүндөгү ишкер айымдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган глобалдык демилге болуп саналат. Жыл сайын бизнес курууну же өз дараметин ишке ашырууну каалаган айымдар көбөйүүдө. Өз кезегинде “Байлык Финанс” ишкер айымдарды колдоону жана көмөк көрсөтүүнү чечти.

“Байлык Финанс” USAID’s Future Growth Initiative, МФУА – Микро финансылык уюмдардын ассоциациясынын жана “Аманат Кредит” МККсынын колдоосу менен “Мен Кыргызстанды сүйөм” Жаштар Кыймылы тарабынан уюштурулган “Алтын Айым” Долбоору боюнча ишкер айымдар үчүн өткөрүлгөн тренингге катышты.
Ноябрдын башынан тартып Нарын, Чүй жана Ысык-көл областтарынын калктуу пункттарында эки күндүк 12 тренинг өткөрүлдү. Окууга 200дөн ашык айымдар катышты. Айымдар ар бир ишкер үчүн маанилүү болгон төмөнкүдөй темалар боюнча билимдерин толукташты:
– каржылоо алуу булактары;
– маркетинг негиздери;
– салык салуу негиздери;
– каржылык сабаттуулуктун негиздери.

Алишер Акбаралиев ОЮЛ МФКУнун аткаруучу директору: “Каржылык уюмдар биринчи жолу ишкер айымдарга окуудан тартып каржылоо берүүгө чейин көндүмдөрүн жакшыртууга толук циклде катышуу мүмкүнчүлүгүн берип жатышат.

Катышуучулар үчүн бизнес-пландар конкурсу жана “Алтын Айым” долбоорунун гранттык бөлүгү чоң дем берди. Мыктылардын мыктысы татыктуу сыйлыкка ээ болушат:
• 6 мыкты долбоор бизнес-идеясын колдоого 50 000 сомдон грант алышат;
• 20 катышуучу жылдык 10% коюм менен 100 000 сомго чейин жеңилдетилген насыя алышат;
• калган катышуучуларга Микро финансылык уюмдар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн коюму менен каржылоо сунуш кылынат.

Бир гана жагымдуу пикирлер, тренерлердин бийик баасы, тренингдин катышуучуларынын активдүү позициясы жана жогорку мотивация келечекте долбоордун географиясын кеңейтүүгө түрткү берет.

@usaid_fgi @ilove_kyrgyzstan @amfi.kg @amanatcredit_kg

  • admin      
  • 999 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви