Language switcher

  • 648 просм.

Кыргызстанда 22-марттан 25-мартка чейин бүткүл дүйнөлүк Акча жумалыгы өтүп жатат

22-марттан 25-мартка чейин Кыргызстанда Бүткүл Дүйнөлүк Акча Жумалыгы (#gmwkyrgyzstan2021 Global Money Week) өтүп жатат.

«Байлык Финанс»  Компаниясы жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурууга активдүү катышып келе жатат.

Ал эми бүгүн Дүйнөлүк акча жумалыгына арналган иш-чаралардын алкагында «Байлык Финанстын» эксперттери Кыргыз Экономикалык Университетинин студенттери үчүн «Каржылык сабаттуулук» жана «Аңгемелешүүдѳн кантип өтүү керек» деген темада онлайн лекция өткөрүштү.

Студенттер сабакка активдүү катышып, суроолорду беришип, каржылык жактан сабаттуу болуу үчүн эмнелерди билүү керек, жеке каржылык планды кантип түзүү керек жана каржылык каталардан кантип сактаныш керек экендигин билүү тууралуу эң пайдалуу маалыматтарды алышты.

Сабактын жыйынтыгында Компания мындай сабактарды үзгүлтүксүз негизде өткөрүп туруу чечимин кабыл алды, бул КЭУнун студенттерин абдан кубандырды.

  • admin      
  • 648 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви