Language switcher

  • 487 просм.

Сиздерди ыйык Орозо Айт майрамы менен куттуктайбыз!

Кыргызстанда Орозо айт 1994-жылдан баштап майрамдалат. Адатта бул күнү туугандар намаздан кийин майрамдык дасторкондо чогулуп, бирге тамактанышат.

Сүймөнкул Чокморовдун “Майрам” сүрөтүндө майрамдык маанай ачык жана жандуу көрсөтүлгөн. Сүрөтчү анда майрамдык кийим кийген, бири-бирин көрүүгө жана маектешип, балдарына жана неберелерине кубануу үчүн чогулган ар кандай курактагы аялдардын образын чебер көрсөткөн.
Бул сүрөт бейпилдикти, ыраазычылыкты, жыргалчылык, тынчтык заманды чагылдырган.

“Байлык Финанс” С. Чокморовдун майрамдык темасын улай баарыңыздарды Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт! 🕌 Бул күн ар бир үйгө, ар бир үй бүлөгө жылуулук, кубаныч, ынтымак- ырашкерликти, молчулукту, бейпилдикти жана жакшылыктарды алып келсин!

 

  • admin      
  • 487 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви