Language switcher

  • 1294 просм.

Кызматкерлерибиздин квалификациясын жогорулатуу

Биздин компания кадрларды өнүктүрүүгө жана даярдоого чоң көңүл бурат.

Биздин компаниянын кызматкерлери өз билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатуу максатында мезгил-мезгили менен тиешелүү багыттар боюнча окуудан жана квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүп турушат.

Компаниянын Башкы кеңсесинин кызматкерлери Excel_Level 1 темасы боюнча биринчи тренингди аякташты. Тренингди Тобокелдиктерди башкаруу бөлүмүнүн башчысы Асел Сабырова Microsoft Excel программасынын бардык талаптарына жана критерийлерине ылайык өткөрдү. Тренинг катышуучуларга максималдуу практикалык билимдерди жана көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк берди. Тренингдин жүрүшүндө кызматкерлер кейс изилдөөлөрдүн ар кандай варианттарын карап чыгышты.

Катышуусу жана активдүүлүгү үчүн бардык кызматкерлерге рахмат! 🤩 Жана материалды кызыктуу алып баргандыгы үчүн тренерибиз Сабырова Аселге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

  • admin      
  • 1294 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви