Language switcher

  • 519 просм.

«Байлык Финанс» менен Юнисон Групп коомдук фондунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду

“Байлык Финанс” жана “Юнисон Групп” коомдук фонду кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Түзүлгөн Меморандумдун алкагында Европалык Биримдик колдогон “Кыргызстандын туристтик тармагында энергияны жана ресурстардын натыйжалуулугун өнүктүрүү” (ТТЭРНӨ) Долбоорунун үстүндө төмөнкү тармактар боюнча биргелешип иштөө пландалып жатат:
– климаттын өзгөрүүсүнүн жана абанын булганышынын терс таасирлери менен күрөшүү чараларын ишке ашыруу;
– жашыл азыктарды өндүрүү;
– калктын, анын ичинде туристтик сектордун экологиянын өзгөрүшү.
Байлык Финанс көп жылдан бери “Жашыл” каржылоо багытында иш жүргүзүп келет, энергиялык натыйжалуулукту жана ресурсту үнөмдөөнү жогорулатууга багытталган өнүмдөрдү өнүктүрүп келе жатат; шаар инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча жашыл демилгелерди жүргүзүп келе жатат.
Меморандумдун алкагында” Юнисон Групп” менен кызматташуу биргелешкен аракеттер менен жашыл экономиканы өнүктүрүү жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүшү боюнча жүргүзүлгөн иштердин мындан да жемиштүү болушуна шарт түзөт.

  • admin      
  • 519 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви