Language switcher

  • 548 просм.

Шахмат боюнча «Ойлонуучу падыша» Блиц-турниринде Кубатбек уулу Абдималиктин жениши

Бүткүл «Байлык Финанс» Компаниясы абдан сыймыктанган жакшы жаңылык менен бөлүшкүбүз келет!

Бали! Биздин кесиптешибиз, Ноокат кеңсесинин каржы боюнча адиси Кубатбек уулу Абдималик банк жана каржы -насыя мекемелеринин арасында өткөн “Ойлонуучу падыша” блиц-турниринде 1-орунду ээледи. Бул иш-чара 13-февраль күнү Ош шаарында өтүп, аны Кыргыз Республикасынын Шахмат федерациясы уюштурган. Белгилей кетсек, жалпысынан 10дон ашык каржы-кредиттик мекемелерден 33 шахматчы катышты. Байгелүү биринчи орун үчүн Адималик Федерация тарабынан 10 000 сом жана жеңүүчүнүн кубогун алды!

“12 жашымдан шахмат ойной баштагам. Ар кандай мелдештерге катышып, ошол жашымдан баштап эле аймактык мелдештерде  байгелүү орундарга ээ боло баштадым. 2019-жылы Бишкек шаарында өткөрүлгѳн республикалык студенттер аралык мелдешинде 3-орунду ээлегем. Ошто губернатордун кубогун дагы утуп алгам. Жакында эле, ушул жылдын 16-январында “Ынтымактуу  шахматтык үй-бүлө” сынагында үй-бүлөм менен 7-орунга ээ болдук.Баарын шахмат ойноого чакырам, анткени бул − акыл-эсти жана стратегиялык ой жүгүртүүнү өстүрүүчү эң мыкты хобби. Жеңишке абдан кубанычтамын!” – деп Абдималик биз менен ой бѳлүштү.

Абдималикке «Байлык Финанс»  менен биргеликте мындан аркы ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!

 

 

 

  • admin      
  • 548 просм.
Бөлүшүү: