Language switcher

  • 730 просм.

КОМПАНИЯНЫН ӨНҮГҮҮСҮНДӨ ЖАҢЫ БИЙИКТИК! БИЗДИН 4 МИЛЛИАРД КАРДАР!

Биз сиздер менен сонун жаңылыктарды бөлүшүүгө кубанычтабыз!

«Байлык Финанс» компаниясын өнүктүрүүдө кезектеги дагы бир бийиктик багындырылды

Кредиттик портфел 4 млрд сомго жетти!

Багбанчылыкты өнүктүрүү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн Агрокредит берип, алган бактылуу адам, Жалал-Абад районунун тургуну, Маса кеңсесинин кардары Эргешова Бүсалима Анарбаевна болуп чыкты.

Буга байланыштуу Компаниянын жетекчилиги “төрт миллиардынчы” кардарды ал кыялданган белектери менен куттуктап коюуну чечти!

Бусалима Анарбаевнаны чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ага жана анын үй-бүлөсүнө ийгилик жана бакубатчылык каалайбыз!

Компаниянын жетекчилиги кредиттик портфелдин өсүү динамикасынын оң болушу кардарлардын бардык керектөөлөрүнө жооп берген кредиттердин кеңири спектринин болушу, филиалдык түйүндүн болушу, ошондой эле карыз алуучулар үчүн жагымдуу шарттар менен байланышкандыгын белгилейт.

  • admin      
  • 730 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви