Language switcher

  • 567 просм.

Насыя алуучуларга колдоо корсотуу туралуу окмоттун тоутомуна карата тушундурмолор

Көңүл буруңуз !!!

Насыя алуучуларга колдоо көрсөтүү тууралуу

ӨКМӨТТҮН токтомуна карата ТҮШҮНДҮРМӨЛӨР

Урматтуу Байлык Финанстын кардарлары!

Байлык Финанс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы No552 “Кыргыз Республикасынын каржы-кредиттик уюмдарынан насыя алган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” токтомуна ылайык, пайыздарды субсидиялоо программасын колдой тургандыгын эске салабыз жана төмөнкү түшүндүрмөлөргө көңүл бурууңузду өтүнөбүз:

– 2020-жылдын 1-октябрына чейин алынган негизги суммасы 100 000 сомдон ашпаган насыялар боюнча пайыздар 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь-февраль айларында субсидиялоого жатат;

– Пайыздык төлөмдөрдү субсидиялоого арыздарды тапшыруунун акыркы күнү 2020-жылдын 5-декабрына чейин;

– пайыздык субсидия БИР ГАНА НАСЫЯДА боюнча жана БИР ГАНА УЮМДА жүргүзүлөт. Эгерде Сизде бир нече каржы-кредиттик мекемелерде бир нече насыялар болсо, анда пайыздык субсидияларды алууга бир гана уюмда жана бир гана насыя боюнча кайрылууга укуктуусуз.

Арыз менен кайрылуунун ыкмалары:

  1. Байлык Финанс кеңселеринин бирине келип арыз жазуу;
  2. же кредиттик адиске ватсап номерине арыздын сүрөтүн жөнөтүү;
  3. же электрондук почта аркылуу kairyluu@bf.kg дарегине арыздын сүрөтүн жөнөтүү;

Арыздын үлгүсүн Компаниянын кеңселеринен же компаниянын расмий сайтынан: https: //bf.kg/ru алсаңыздар болот.

__________________________________________________________________________________________

Внимание!!!

  • admin      
  • 567 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви