Language switcher

  • 1005 просм.

«Байлык Финанс» Компаниясы исламдык каржылоону ишке ашыруу үчүн КР Улуттук Банкынын сертификатын алды

«Байлык Финанс» Компаниясы КР Улуттук банкынан исламдык каржылоону ишке ашырууга сертификат алды, эми Компаниянын кардарларында каржылоону ислам принциптери боюнча алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Бүгүнкү күндө Компания иш-аракеттин кеңири географиясына ээ, атап айтканда, бүткүл Кыргызстан боюнча анын 42 кеңседен турган тармагы бар, анда 400гө жакын кызматкер иштейт жана алар 44 000ден ашык кардарларга тейлѳѳ кызматын көрсөтөт.

«Компания он жылдан бери классикалык каржылоо менен иш жүргүзүп келди, бирок ошол процессти аткаруу учурунда биз калк тарабынан ислам продуктыларына суроо-талаптын өсүп жатканын дайыма байкап жаттык. Бул ишти жѳнгѳ  салууну биз «Мурабах» продуктунан баштадык, тактап айтканда күнүмдүк  тиричиликте жана бизнесте керектелүүчү жабдууларды тиешелүү  мѳѳнѳткѳ бере баштадык жана  жакынкы убакта исламдык продуктардын тизимдерин жайылта баштаарыбызга абдан  үмүттѳнѳбүз», – деп айтты «Байлык Финанстын» башкы директору Чинара Молдажанова.

 

КР Улуттук банкынан ислам операцияларын жүргүзүү укугун ийгиликтүү алгандан кийин, 4-декабрда «Байлык Финанс» Компаниясынын Шариат кеңешинин биринчи чогулушу болуп өттү, анда Улуттук банктын жана Шариаттык стандарттардын исламдык каржылоо боюнча талаптарына  талаптарына жооп берген ички саясаттар жана жол-жоболор бекитилди. Башында айтылгандай , кардардын суранычы боюнча  товарды алдын ала  сүйлѳшүлгѳн  кошумча баа менен белгилүү мѳѳнѳткѳ келишим боюнча сатууну Компания «Мурабах» продуктусунан баштайт.

«КР Улуттук банкынын күбѳлүгүн алуу−«Байлык Финанс» Компаниясынын ишмердүүлүгүндөгү таза ниеттеринин белгиси. Бүгүнкү күндө Кыргызстан бул багытта жетиштүү практикалык базага ээ жана өлкөнүн исламдык каржы системасында жаңы оюнчунун пайда болушу анын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. Шариаттык кеңештин төрагасы катары жалпы Компанияга ийгилик каалагым келет жана Жаратканыбыз биздин ниеттерибизди колдосун», – деди «Байлык Финанс» Компаниясынын  Шариаттык  кеңешинин төрагасы Замир Пусур Тегин.

  • admin      
  • 1005 просм.
Бөлүшүү: