Language switcher

  • 530 просм.

Чинара Молдажанова Баткендеги Инвестициялык Форумга катышты

«Байлык Финанс» Компаниясынын башкы директору Чинара Молдажанова МФУАнын директорлор кеңешинин төрайымы катары 14-октябрда Баткен облусунда өткөн «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнүн өнүгүүсү»  аттуу Инвестициялык форумуна катышты.

Форумдун негизги максаты – Баткен облусунун учурдагы маселелерине жана кыйынчылыктарына, ишкердик потенциалына көңүл буруу, ошондой эле облустун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү болду.

Бул форумдун алкагында Чинара Молдажанова ѳлкѳнүн жана Баткен облусунун калкынын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Микрофинансылык уюмдар Ассоциациясынын иш планы менен тааныштырды.

«Белгилей кетсек, КР МФУАсы эл аралык уюмдардын колдоосу менен каржылык сабаттуулук боюнча бир катар билим берүү программаларын тынымсыз өткөрүп келет.

Бул маселе боюнча системалуу иш алып баруу айрыкча өлкөнүн алыскы аймактарында өтө маанилүү, анткени мындай тренингдерде катышуучуларды күтүлбөгөн чыгымдардан кантип коргонуу, үй-бүлөлүк бюджетти туура башкаруу, каржылык продуктыларды, өзгөчө насыяларды туура тандоону практика жүзүндө үйрөтүшөт. Каржылык сабаттуулуктун негиздерин билүү адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошуп, аймактын экономикасына оң таасирин тийгизээрин бекем ишенич менен айтсак болот», – деди форумда Чинара Молдажанова.

Ошондой эле, форумдун жыйынтыгында КР МФУАсы жана ар кайсы ассоциациялардын ортосунда алардын мүчөлөрү үчүн каржылык сабаттуулук боюнча тренингдерди өткөрүү боюнча бир катар макулдашуулар түзүлдү.

  • admin      
  • 530 просм.
Бөлүшүү: