MicroFinanza Raiting көз карандысыз эл аралык рейтинг компаниясы (Италия) 2022-жылдын февралында Байлык Финанстын ишинин Кардарларды коргоо принциптерине шайкештигин баалоону аяктады.  Тастыктамалоодон өтүү жөнүндө расмий катта MicroFinanza Raiting тастыктамалоо комитетинин жетекчиси Жорис Криса төмөнкүдөй куттуктоо сөзүн жазган: “Gold деңгээли тастыктамалоонун эң жогорку деңгээли болуп саналат жана Байлык Финанс Социалдык таасирди башкаруунун эл аралык универсалдуу стандарттарында берилген кардарларды коргоонун эң катуу принциптерине шайкеш келээрин түшүндүрөт. Бул процесс аралыгында коштогонуңуздар үчүн ыраазычылык билдиригибиз келет жана Байлык Финансты Алтын менен куттуктайбыз!”. Тастыктамалоо BlueOrchard эл аралык инвестору тарабынан колдоого алынган.

«Бул тастыктамалоого биз көп жыл умтулдук – эксперттерди тартык, өз алдынча диагностика жүргүздүк, процедураларды жаңырттык, окутууга карата процесстерди жана мамилелерди алмаштырдык. Белгилей кетсем, биздин максат тастыктама алуу гана эмес, шайкештиктин көптөгөн пункттарынын аркасында социалдык таасир этүүнүн мыкты практикаларын киргизүү болгон. Компаниянын планында дагы көп социалдык долбоорлор бар», — деп белгиледи Чинара Молдажанова, «Байлык Финанс» МКК Башкы директору.

Smart Campaign кардарларын коргоо принциптери – бул кардарларды коргоо принциптерин жүзөгө ашырууга багытталган глобалдык демилге, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Талаптагыдай продукттар жана жеткирүү каналдары;
  • Ашыкча карыздын алдын алуу;
  • Айкындуулук ;
  • Жоопкерчиликтүү баа түзүү;
  • Кардарларга адилеттүү жана урматтоо менен мамиле кылуу, персоналдын этикалык ченемдерди сактоосу жана басмырлоого жол бербөө;
  • Кардарлардын маалыматынын купуялуулугу;
  • Даттанууларды кароо жана чечүү механизмдери.

Азыркы убакта Байлык Финанс бүтүндөй өлкө боюнча 50 кеңседе 50 000ден ашык кардарды тейлейт. Компания алгачкы иштеген күндөн тартып кардарга багытталган саясатка басым жасайт жана өзүнүн социалдык миссиясын бекем карманат. Компания калкты камтууну кеңейтип, жетүүгө кыйын болгон райондордо кызмат көрсөтүүгө умтулат. Жыл сайын Компания өз кардарларынын канааттангандык дең1гээлин көзөмөлдөйт, алсак 2022-жылдын апрель карата абал боюнча ал 98%ды түздү.

2021-жылдын мартында Компанияда экологиялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча саясат кабыл алынган жана иштеп жатат. Бул саясат программалык камсыздоого киргизилген жана бизнес, ишмердүүлүк чөйрөсү, жумуш орундарынын саны жөнүндө маалыматты жана башка маалыматты киргизүүдө, система курчап турган чөйрөгө жагымсыз таасир тийгизүү жаатында зайым алуучунун бизнес тобокелдигинин деңгээлин автоматтык түрдө аныктайт.

Компания өз ишинде энергиялык майнаптуулукка жана энергетика ресурстарын үнөмдөөгө байланыштуу долбоорлорго олуттуу көңүл бурат. Компания 7 жылдан бери Кыргызстанда чакан турак жай секторун жана туруктуу энергияны каржылоо боюнча HMF IFС (Дүйнөлүк банктын тобу) программасынын өнөктөшү болуп саналат. Компаниянын HMF IFC долбоорунун колдоосунда турак-жай шарттарын жакшыртуу жана энергиялык майнаптуулук жаатындагы долбоорлорго кредит берүүдөгү тажрыйбасы өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн олуттуу мааниге ээ, анткени тарифтер тынымсыз өскөн шартта калктын энергоресурстарга болгон чыгымын азайтууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле жаңы жашыл технологияларды колдонуунун аркасында атмосферага зыяндуу чыгындыларды азайтуу түрүндө экологиялык натыйжа берет. Энергиянын жаңыланма булактарынын негизиндеги жабдууну сатып алуу боюнча долбоорлорду каржылоого өзгөчө көңүл бурулат. Бул үчүн төмөндөтүлгөн пайыздык чен менен өзүнчө насыя продуктусу иштелип чыккан.

Аялдардын колдоосу
Компания кардарларга багытталган саясатка таянат жана өзүнүн социалдык миссиясына берилген бойдон калууда. Аялдарды колдоо программасы бар, ал үч компонентти камтыйт:
жеткиликтүү каржылоо
жеңилдетилген каржылоо же гранттык колдоо алуу мүмкүнчүлүгү менен аялдардын ар кандай демилгелери;
аялдарды финансылык сабаттуулукка, бизнести пландаштырууга жана салык салууга үйрөтүү.

Компания өз ишинин алкагында акыркы 5 жылдан бери өлкөнүн калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурат. Бул багытты колдоо максатында Компания туруктуу негизде ар кандай максаттуу сегменттер, анын ичинде мектеп окуучулары, студенттер жана чоң калк үчүн Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында эссе сынагын, ар кандай иш-чаралардын сүрөттөрүнүн сынактарын, студенттер жана чоң калк үчүн тренингдерди жана башка жолугушууларды өткөрүү, кардарлар үчүн “Ачык эшик күндөрүн” өткөрүү аркылуу финансылык сабаттуулук боюнча долбоорлорду жүзөгө ашырып келет.

Бул шилтемени басып MicroFinanzaRating отчету менен таанышууга болот:

Маалымат үчүн:

Кардарларды коргоо принциптери боюнча тастыктамалоо Финансылык жеткиликтүүлүк борборунун (ACCION) жетекчилиги астында СМАРТ Кампания, глобалдык демилгечил топ тарабынан иштелип чыккан, ал микрофинансы уюмдарынын негизги маданиятына жана күнүмдүк ишине кардарларды коргоо практикасын киргизүүнү илгерилеткен. 2020-жылы Кардарларды коргоо стандарттары жана аларды киргизүүнү башкаруу SPTF жана CERISE эл аралык коммерциялык эмес ассоциацияларга берилген. Ассоциациялар тастыктамалоо боюнча менеджерлер катары иштешет жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча миссияны аткаруу үчүн лицензияланган тастыктамалоочу уюмдарга таянат. MFR көз карандысыз эл аралык рейтинг компаниясы Кардарларды коргоо принциптери боюнча тастыктамалоо жүргүзүү үчүн SPTF жана CERISE тарабынан аккредитацияланган дүйнөдөгү саналуу жана Кыргызстандагы жалгыз компания болуп калды.

Кызматкерлер Компаниянын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө Компанияда 500дөн ашык жогорку квалификациялуу адистер иштейт жана биз аларды өнүктүрүүгө жана жагымдуу эмгек шарттарын түзүүгө инвестициялоону улантууну көздөп жатабыз. Кызматкерлерге кам көрүү – негизги милдет, анткени кызматкерлер Компаниянын негизги активи болуп саналат, кардарлар менен түздөн-түз иштешет жана Компаниянын аброюн түзүшөт. Компания үчүн кызматкерлердин үй-бүлөсүндө бакубатчылык чоң мааниге ээ, анткени алардын иштеги натыйжалуулугу ушуга түздөн-түз байланыштуу.

Бүгүнкү күндө компания:

  • никени каттоого, төрөткө, оор ооруга, ошондой эле жалгыз же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар балдарды тарбиялап жаткан кызматкерлерге материалдык колдоо көрсөтөт;
  • иши ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн болгон кызматкерлерди жыл сайын камсыздандырат;
    24/7 акысыз онлайн медициналык консультация алуу мүмкүнчүлүгү менен “Менин дарыгерим” тиркемесин колдонууну камсыз кылат
  • кызматкерлер үчүн ар кандай спорттук демилгелерди каржылайт: футзал, чуркоо, шахмат ж.б.
  • кадрларды енуктурууге жана тарбиялоого зор бурат.Кызматкерлердин канааттануусун изилдөөКомпания жыл сайын кызматкерлердин катышуусу, берилгендик жана канааттануу боюнча сурамжылоо жүргүзөт. 2022-жылы канааттануу 5 көрсөткүч менен өлчөнгөн – эмгек акы, эмгек шарттары, ишке болгон кызыгуу, жумуштагы коопсуздук жана ыңгайлуулук, демек, бул көрсөткүч 94% түздү.

    Компаниянын кадр саясаты кызматкерлерди социалдык жактан коргоону камсыз кылууга жана коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.

«Байлык Финанс» өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн зайым алуучулардын жашоосуна социалдык таасирине өзгөчө көңүл бурат. Бул үчүн 2019-жылы Компания SPI4 инструментин колдонуу менен өзүнүн ишмердигине социалдык аудитти кайрадан өткөрдү, анда төмөндөгүлөр аркылуу Компаниянын башкаруу системасын өркүндөтүү үчүн зоналар аныкталган:

  • Социалдык таасирди башкаруунун универсалдуу стандарттары – уюмдарга кош максатка: финансылык жана социалдык таасир этүү максатына жетүүдө уюмдарга жардам берүүчү ресурс катары микрофинансылык сектор үчүн адистер тарабынан иштелип чыккан алдыңкы практика боюнча комплекстүү колдонмо.
  • Smart Campaign кардарларды коргоонун тастыктамаланган стандарттары — кардардан финансылык уюм менен бүтүм түзгөн учурда күтө турган минималдуу стандарттар.

Жыл сайын Компания биздин өзгөчө муктаж кардарларыбызга гуманитардык жардам таратуу боюнча жаңы жыл алдындагы акцияны өткөрөт. Азык-түлүк белектерин таратуу үчүн талапкерлерди зайым алуучулардын жыргалчылыгы үчүн тынчсызданган биздин кызматкерлер аныкташат. Ошондой эле Компания социалдык маанилүү долбоорлорду: мектептерди, ооруканаларды, парк зоналарын жакшыртуу боюнча кайрымдуулук иш-чараларга активдүү катышат.

Биздин компания калк арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатууга өз салымын кошуп келет. Бул үчүн 2019-жылы компания өзүнүн кредит адистерин кардарлардын арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча натыйжалуу консультацияларды өткөрүү көндүмдөрүнө окутуу боюнча ТоТ тренингдердин сериясын өткөргөн, алар өз кезегинде 114 кардарды окутушкан.

petal