Language switcher

  • 482 просм.

Борбор Азия Каржылык Саммити 2025

2025-жылдын 22–23-сентябрында «Байлык Финанс» МКК ЖАК Тажикстандын Гулистон шаарында өткөн Борбордук Азия Финансылык Саммитине катышты.

Иш-чаранын негизги темасы: «Инновациялык финансылар – инклюзия жана гендер аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» болду.
«Байлык Финанс» МКК ЖАК компаниясынын Башкы директору Молдажанова Чынара Даркенбаевна пленардык сессияда сөз сүйлөп, «Жаңы муундун жана аял ишкерлердин финансылык көндүмдөрүн өнүктүрүү» темасын көтөрдү.
Өз сөзүндө Чынара Даркенбаевна «Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу – бул өлкөнүн туруктуу келечегине болгон инвестиция. Биз жаштардын жана аял ишкерлердин жөндөмдөрүн билим берүү программалары жана тренингдер аркылуу өнүктүрүп, аларга каржыны ишенимдүү башкарууга жана бизнес курууга көмөктөшөбүз. Финансылык туруктуулукту жана ишкердик көндүмдөрдү калыптандыруу – биздин негизги артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири», – деп белгиледи.


📌 «Байлык Финанс» ишмердигинин негизги багыттары:
• Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу;
• Жаштардын жана аялдардын финансылык көндүмдөрүн билим берүү программалары жана тренингдер аркылуу өнүктүрүү;
• Жеке жана бизнес-финанстарды туура башкаруу аркылуу финансылык туруктуулукту жана ишкердик компетенцияларды калыптандыруу.
✨ Биз жаңы муундун жана аял ишкерлердин финансылык сабаттуулугун чыңдап, туруктуу компетенцияларды калыптандырып жатабыз!

  • admin      
  • 482 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви