- 68 просм.
КАРЖЫЛЫК САБАТТУУЛУК – АЛДАМЧЫЛАРДАН КОРГОНУУ
8-апрелден тарта Кыргызстанда #GMWKG2025 хэштеги менен «Башта акыл болсун, эртең капчыкта акча болсун» ураанынын алдында Акча боюнча глобалдык жума расмий түрдө башталат.
Биз жыл сайын “Мен Кыргызстанды сүйөм” жаштар кыймылы @ilove_kyrgyzstan жана “Жетиген” эл аралык балдар лагери @campjetigen менен биргеликте жаштарга каржылык сабаттуулук боюнча билим берүүнү өткөрүп келебиз. Жазгы сезондо 64 бала каржылык көндүмдөргө байланыштуу маанилүү темаларды үйрөнүп, өзгөчө көңүлдү киберкоопсуздук жана алдамчылык маселелерине бурушту.
Ошондой эле балдар белгиленген темалар боюнча видеороликтерди тартып, бул аларга билимдерин тереңдетип гана койбостон, материалды чыгармачылык менен өздөштүрүүгө да шарт түздү 🎥.
Жаштар кыймылы @ilove_kyrgyzstan менен биргеликте, мындай ири маалыматтык кампанияларга катышуунун маанисин түшүнөбүз жана өсүп келе жаткан муундун каржылык маданиятын калыптандырууга маанилүү салым кошуп жатабыз 💰.
Биз ишенебиз — мындай демилгелер балдардын каржылык коопсуздук жана акча каражаттарын туура башкаруу боюнча маалымдуулугун жана жоопкерчилигин арттырат.
- 68 просм.