Language switcher

  • 860 просм.

Ноокат айылынан Арзыбаева Шазаданын ийгилик баяны

Сүйүктүү иш менен алек болуу – бул ийгиликке карай жол.
Мыкты чеберлерге ар дайым кардарлар кезекке турат. Биздин бүгүнкү ийгиликтүү ишкер айым – Арзыбаева Шазада мына ушундай чеберлердин бири.
Алгач Арзыбаева Шазада биздин Компанияга 3 жыл мурун кайрылган, анда ал тигүү цехи бизнесин өнүктүрүүгө биринчи насыясын алып, ал насыяга атайын тигүү машиналарын сатып алган. Кийин бизнесин кеңейтүү менен кебез жана кездемеге насыя алган. Азыркы учурда Шазаданын жеке бизнеси бар жана аны жакшы өнүктүрүп келе жатат.
Шазада: “Өзүм көп балалуумун, ошондой эле айылыбыздагы башка айымдарды иш менен камсыз кылуу менен жардам берип келем. Бүгүнкү күндө менин цехимде 15 киши иштейт”.
Баса, Шазада 2023-жылы өзүнүн 60 жылдык мааракесин белгилейт, анын сүйгөн жолдошу, 3 уулу, 3 кызы жана 25 небереси бар! Шазада бул ийгилиги менен гана токтоп калбастан, болгон аракетин жумшап, тигүү бизнесин дагы өнүктүрүүнү улантарын билдирди.

  • admin      
  • 860 просм.
Бөлүшүү: