Language switcher

  • 1192 просм.

Инклюзивдик каржылоонун ар түрдүү пайдалануу боюнча 26-жылдык конференциясы

MFC КОНФЕРЕНЦИЯсы «Байлык Финанс» Компаниясы (MFC) Микрокаржылоо Борбору (MFC) уюштурган жыл сайын өтүүчү 26-конференциясына катышты, ал 2024-жылдын 14-15-майында Польшанын Краков шаарында өттү.

Бул иш-чара инклюзивдүү каржылоонун түрдүү жолдору, инновациялык тенденциялар, жашыл финансы жана технологиялык көйгөйлөр сыяктуу маселелерге арналды.
Бүгүнкү күндө биздин дүйнө климаттын өзгөрүшү, миграция, санариптештирүү, теңсиздиктин өсүшү, атап айтканда дал ушул микро каржылоо туруктуулукту колдоо жана коомдогу түрдүү, аярлуу топтордун укуктарын кеңейтүү жаатында маанилүү рольду ойнойт.

Конференцияга дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн 400дөн ашык делегат катышты. Катышуучулардын катарына микро каржылоо, инклюзивдүүлүк жана климаттык каржылоо жаатындагы эксперттер, ошондой эле финансылык институттардын ESG трансформациялары кирди.
Компаниянын негизги кызматкерлеринен турган топ микро каржылоо тармагындагы лидерлерден чоң тыжрыйба алышты. Биздин кызматкерлер финансылык жана социалдык интеграцияга, ESG күн тартибин эске алуу менен уюмдардын трансформациясына карата түрдүү мамилелер тууралуу маңыздуу талкууларга активдүү катышты. Конференциянын алкагында эл аралык деңгээлде кесиптик тармакты бекемдөө үчүн аянт түзүлдү.

2023-жылдан тарта МКК «Байлык Финанс» ЖАК жоопкерчиликтүү каржылоону активдүү сүрөмөлөп, финансылык тармактын бекемделишине маанилүү салым кошуу менен MFC Микро каржылоо Борборунун мүчөсү болуп келет.
Маалымат үчүн: Микро каржылоо Борбору (MFC) туруктуу социалдык каржылоо аркылуу адамдардын жана коомчулуктардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында 35 өлкөдөгү 120дан ашык уюмду бириктирет. Биздин мүчөлөр – микро каржылоо уюмдары, кооперативдик финансылык системалары, академиялык мекемелер, улуттук, эл аралык уюмдар жана колдоо тармактары менен биргеликте – финансылык кызматтар адамдар, коомчулуктар жана планетанын бейкутчулугу үчүн туруктуу өнүгүү практикасынын стандарттарын сактоо менен натыйжалуу иштеши үчүн, Европа жана Борбордук Азия аймагында тармактык байланыштарды түзүп, өстүрүп, билим менен бөлүшүшүнө умтулабыз.

  • admin      
  • 1192 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви