Language switcher

  • 678 просм.

Кардарлар үчүн маалымат

Ѳзгөчө кырдаал киргизилген аймактардын калктуу конуштарында жайгашкан «Байлык Финанс» МККнын кеңселеринин иш тартиптери жөнүндө.

НАСЫЯ  БЕРҮҮ  ТУУРАЛУУ

«Байлык Финанс» кеңселери кардарларга кассалык тейлѳѳнү күндѳ  саат 8:30дан 15:00гө чейин жүргүзүшѳт. Кеңсенин иши тууралуу кененирээк маалыматты кызматкерлердин байланыш телефондору аркылуу билүүгѳ болот, аны бул жерден караңыз: https://bf.kg/ru/o_kompanii/novosti/75_kontaktnie_dannie_kreditnih_specialistov

НАСЫЯ КАРЫЗЫН ЖАБУУ ТУУРАЛУУ

Насыя карызын жабуу үчүн Сиз Компаниянын өнөктүк тармагын пайдалана аласыз:

  • Beeline, Finca Bank, UMAI, Oney, Pay24 жана QuickPay терминалдары;
  • Кыргызстан банкынын MBank Online мобилдик тиркемеси;
  • Balance электрондук капчыгы.

НАСЫЯЛАР БОЮНЧА  ШАРТТАРДЫ КАЙРА КАРОО ТУУРАЛУУ

Эгерде сиздин ишмердүүлүгүңүз коронавирустук инфекциянын чектѳѳлѳрүнѳн жабыр тарткан болсо, Сиз насыяңызды төлөөнүн графигин кайра карап чыгуу тууралуу арызыңыз менен Компаниянын кеңселерине кайрылууга же арызыңыздын сүрөтүн насыя боюнча адистин WhatsApp номерине салып жиберүүгѳ укугуңуз бар.

«Байлык Финанс» Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөмдөрдүн мѳѳнѳтүн кийинкиге жылдырууга мүмкүндүк берүү тууралуу сунуштарын аткарат.

Өзүңүзгө сак болуңуз, коронавирус инфекциясынын алдын алуу эрежелерин аткарыңыз. Кошумча  маалыматтарды  алып туруу  үчүн биздин жаңылыктарга такай көз салыңыз.

Ошондой эле Сиздер үчүн ыкчам байланыш линиясы кызматта:

0(312) 314-910, 0(701) 511-761 (WhatsApp).

 

  • admin      
  • 678 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви