Language switcher

  • 527 просм.

Ата-бабалардын мурасын сактоо жана көбөйтүү

Быйыл “Байлык Финанстын” жаңы корпоративдик жылнаамасы кыргыз элинин улуттук маданий мурасы – Курак тигүү искусствосуна арналды. Биздин жылнаама кесипкөй арт-сүрөтчү Чолпон Аламанованын эмгектеринин натыйжасында өзгөчө жаркын, кооз жана стилдүү болду. Курак буюмдарынын сакралдуу билдирүүсү “Байлык Финанстын” миссиясы жана иши менен үндөшөт, анда негизги баалуулуктар Компаниянын туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык максаттарынан курак сыяктуу орун алган.

Курак искусствосу жана Чолпондун эмгектери менен жакындан таанышуу үчүн биз аны Компаниянын башкы кеңсесине чакырдык. Чолпон бизге Курактын тарыхы жана кантип курак менен алектенип калганы тууралуу айтып берди. Башкы кеңсенин жумушчулары курак тигүү идеясына шыктанып калышты жана Чолпон ырахаттануу менен биздин жумушчулар үчүн мастер класс өттү. Биздин жумушчулар байыркы искусствонун техникасын гана үйрөнбөстөн түстөрдүн жана оюулардын айкалышын да үйрөнүштү, ошондой эле кол өнөрчүлүктөгү экологиялык мамиле тренди тууралуу да айтышты.

Биз бирге кызматташканыбыз, кесипкөйлүгү жана биздин жылнааманы түзүүгө көрсөткөн ыкчам аракети үчүн Чолпонго ыраазычылык билдиребиз. Анын ишине ийгиликтерди, өнүгүү, жаңы кызыктуу долбоорлорду каалайбыз. Биз биргелешкен ишибизди жогору баалайбыз.

  • admin      
  • 527 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви