Language switcher

  • 483 просм.

Жашоочулар арасында саламаттыкты сактоо боюнча окулуучу лекциялар.

Сентябрь айынын башында  «Байлык Финанс» Жалал-Абад облусунун  кардарлары жана кызматкерлери  үчүн саламаттыкты сактоо боюнча лекцияларды уюштурду. Айтмакчы , мындай лекциялар  компаниянын иш тажрыйбасында биринчи жолу ѳткѳрүлүп жаткан жок, биз акырындык менен  Республиканын бардык   аймактарын камтып, калк арасында  медициналык жѳндѳмдѳрдүн негиздерин жайылтып келүүдѳбүз.

Ошентип, Сузак жана Кочкор-Ата шаарларында  окулган лекциялардын  негизги максаты жайылган оорулардын тийе турган кесепеттерин  баалоону үйрѳтүү болду.

Лекциялар тѳмѳнкү темаларды камтыды:

-Эмчек рагы оорусун  эртерээк диагностикалоо;

-Кургак учук;

-Бруцеллез  жана мите ооруларынын алдын алуу.

Бул иш чарага 46 аял менен кыздар – мектеп директорлору жана жергиликтүү жамааттардын башчылары, ошондой эле  Компаниянын жакын жайгашкан кеңселеринин кызматкерлери катышышты.

Лекциядан кийин угуучулар «VEDANTA» медициналык борборунун  башкы дарыгери  Джумабеков Мурат Назаровичтен жоопторду жана жеке консультацияларды алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Ошондой эле  бардык катышуучулар дарыканалардан дары-дармектерди 10% арзандатуу менен сатып алууга; ѳлкѳдѳгү бир катар ири лабораторияларда  20% арзандатуу менен медициналык диагностикадан жана текшерүүдѳн ѳтүүгѳ;  медициналык борборлордо 20% арзандатуу менен жогорку профессионалдуу даарылануу алууга мүмкүндүк берген биздин дисконттук карталарыбызды алышты.

Лекциянын жыйынтыгында катышуучулар алган маалыматтарын өз айылдарына таратып, мектептерде жана жергиликтүү жамааттардын чогулуштарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшѳт деген чечим кабыл алынды.

  • admin      
  • 483 просм.
Бөлүшүү: