Language switcher

  • 611 просм.

Республиканын түштүк аймактарындагы ишкер аялдардын форуму

Республиканын түштүк аймактарында «КУРАК» аялдар форуму бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулган ишкер аялдар үчүн «Ишкер айым – Айылдан ааламга» форуму болуп өттү.

Форумдун алкагында аймактардан келген аялдарды бизнеске кызыктыруу максатында төмөндөгүлөр тууралуу маалымат берилди.

  • Аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программалар;
  • Туризмди өнүктүрүү программалары;
  • Каржылык сабаттуулук көндүмдөрү;
  • Мамлекеттик колдоо программалары.

Форум 12-мартта Баткен шаарында, 14-мартта Ош шаарында жана 15-мартта Жалал-Абад шаарында өттү. Форумга жалпысынан 400дөн ашык аял катышты, анын ичинде Байлык Финанстын кардарлары да бар.

Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча өздөрүнүн презентациясында аялдарга республиканын каржы системасы, финансылык инструменттер, насыяны кантип алуу жана туура пайдалануу, финансылык сабаттуу адамды эмнеден айырмалай тургандыгы жана башка көптөгөн нерселер айтылды.

“Ишкер Айым – Айылдан ааламга” форуму төмөндөгүлөрдүн колдоосу менен өттү.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги; Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги; USAID Агросоода долбоору; “Бай-Алай” Хельветас долбоору; Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы; Кыргызстандын гүлдөп өнүгүүсүн тездетүү; «Борбордук Азиядагы аялдардын ишкердигинин күн тартиби» аймактык программасы жана «Байлык Финанс» микрокредиттик компаниясы.

Photo by: USAID

  • admin      
  • 611 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви