Language switcher

  • 152 views

Тигүү — жашоо сымал!

Тигүү — жашоо сымал!🪡

Исмаилова Тамаранын ийгилиги

Исмаилова Тамара Борошовна Чүй облусунун Лебединовка айылында туулган. Ал кичинекей кезинен эле кооз кийимдерге кызыкчу. Мектептин акыркы жылдарында ал кийим моделдерин ойлоп таап, аларды тигүүнү абдан жакшы көрчү. Кийинчерээк, бала кезинде алган билим жана көндүмдөр келечекте ага жардам берди. Бирок, ошол эле учурда, ал өзүнүн негизги кесибин мекенге кызмат кылуу менен байланыштырган. Ал узак убакыт бою укук коргоо органдарында иштеген. Азыркы учурда ИИМдин пенсионери болуп саналат.

🧵2021-жыл Тамара үчүн абдан маанилүү чечимдер менен башталып, андан кийин ал бизнес ачууну чечкен. Ал МКК «Байлык Финанс» ЖАКына кайрылып, бизнести – тигүү цехин өнүктүрүү үчүн өзүнүн биринчи насыясын алды. Түшкөн каражатка Тамара тигүү үчүн керектүү жабдууларды: кесипкөй тигүүчү машиналарды, үтүк столун сатып алды. Бүгүнкү күндө анын өзүнүн тигүү цехи бар, коңшу үйдүн жертөлөсүндө аялдардын жеке кийимдерин тигүүгө адистешкен тигүүчүлөр иштейт. Учурда Тамара ийгиликтүү түрдө КМШ рыногуна чыга баштады.

«Мен МКК «Байлык Финанс“ ЖАКтай мыкты өнөктөш тапканыма абдан кубанычтамын. Насыялоо мага бардык пландарымды жана долбоорлорумду ишке ашырууга жардам берди. Эң негизгиси, чындыгында эле жаккан нерсени жасай баштоодон жана ар дайым пайда боло турчу биринчи кыйынчылыктар коркпоо кажет. Жөн эле, чын жүрөктөн иштөө керек.» – деди Тамара.

Биздин кардар өзүнүн ийгиликтерине ыраазы, ал жетишкен ийгиликтери менен токтоп калбайт жана МКК «Байлык Финанс» ЖАК менен мындан аркы жемиштүү кызматташууну пландаштырууда.

  • admin      
  • 152 views
Share: