- 126 views
ДЕН СООЛУК ЖАНА БАКУБАТТЫК ЖЫЛЫНЫН УРМАТЫНА КЫЗМАТКЕРЛЕР ҮЧҮН БЕЛЕКТЕР


ДЕН СООЛУК ЖАНА БАКУБАТТЫК ЖЫЛЫНЫН УРМАТЫНДАГЫ WELLBEING ПРОГРАММАСЫНЫН СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КЫМБАТ БЕЛЕКТЕР МЕНЕН КУТТУКТАЙБЫЗ!
Биздин кесиптештерибиз 2024-жыл бою активдүүлүгүн көрсөтүп, демилгелүүлүк менен дени сак жашоо образын карманууга умтулушту. Компаниянын кызматкерлери жыл бою WELLBEING тиркемесинде өз жетишкендиктерин жана жеңиштерин белгилеп келишти.
WELLBEING программасы – бул комплекстүү ыкма, ал кызматкерлердин физикалык ден соолугун гана эмес, төмөнкү аспектилерди да камтыйт:
•Карьера
•Финансы
•Айлана-чөйрөгө кам көрүү
•Үй-бүлөгө кам көрүү
Эң активдүү 50 катышуучу кымбат белектер менен сыйланды:
•Аба нымдагычтар
•Яндекс колонкалар
•Термокружкалар
•Универсалдуу массажерлор
Сиздердин аракеттериңиздер жана ден соолук менен бакубаттык принциптерине берилгендигиңиздер биздин команда үчүн чоң үлгү болду. Сиздердин ийгиликтериңиздер биз үчүн шыктандыруучу күч болуп, ден соолукка жана бакубат жашоого кам көрүү корпоративдик маданиятыбыздын ажырагыс бөлүгүнө айлансын.
Бизге ден соолукка жана бакубат жашоого ыңгайлуу шарт түзүүдө колдоо көрсөткөн компанияга терең ыраазычылык билдиребиз.
WELLBEING – ДЕН СООЛУК ЖАНА БАКУБАТТЫК!
- 126 views
Read also
Archive news
30
Mar
20
Mar
31
Dec
30
Dec