Language switcher

  • 486 просм.

«Байлык Финанс» тагы ачык эшиктер күндөрү

Бүткүл Дүйнөлүк Акча Жумалыгына арналган иш-чаралардын алкагында «Байлык Финанстын» кеңселеринде жума бою ачык эшиктер күндөрү өткөрүлүүдө.

Андыктан, кечээ жана бүгүн Кызыл-Суу жана Кадамжай кеңселеринде «Байлык Финанстын» кызматкерлери кардарлар менен жолугушту.

Бардык катышуучуларга каржылык сабаттуулук боюнча тренинг ѳткѳрүлдү. Катышуучулар үй-бүлөлүк бюджетти пландаштыруу, ѳздѳрүн  күтүлбөгөн чыгашалардан кантип коргоо, карыз аңына түшүп калбоо, насыяны кантип туура алуу боюнча көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алышты. Ошондой эле алынган маалыматтарды бекемдөө үчүн бардык катышуучуларга каржылык пландоо боюнча күндөлүктөр жана балдар үчүн  каржылык сабаттуулук боюнча боёлуучу журналдар тапшырылды.

Презентациядан кийин фуршет уюштурулуп, анда бардык катышуучулар өздөрүнүн алган таасирлери менен бөлүшүүгө жана суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Белгилей кетчү нерсе, бардык кардарлар ыраазы болуу менен биздин Компаниянын гүлдѳп өсүп-өнүгүүсүнѳ тилек айтышты!

Өз кезегинде Компания өз кардарларына кам көрөт жана бардыгына каржылык туруктуулукту каалайт!

  • admin      
  • 486 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви