Language switcher

  • 163 просм.

ДЕН СООЛУК ҮЧҮН ӨНӨКТӨШТҮК!

«Бекем ден соолук жана бакубатчылык» ТӨМ3 (Туруктуу өнүктүрүү максаты) ишке ашыруунун алкагында, «МКК Байлык Финанс» ЖАК 2024-жылга карата компаниянын кызматкерлери жана кардарлары үчүн сергек жашоо образын жайылтуу жана бакубаттуулукка жетишүүгө көмөктөшүү боюнча бир катар социалдык иш-чараларды улантууда.
Үстүбүздөгү жылдын май айында өнөктөш «Ден соолук» СК Компаниясы менен Байлык Финанстын 26 кеңсесинде «Ден соолук бурчу» орнотулду.

Компаниянын кызматкерлери, кардарлары, ошондой эле айылдын жана жакынкы калктуу конуштардын тургундары биздин кеңселерде артериалдык кан басыман өз алдынча ченеп, текшере алышат.
«МКК Байлык Финанс» ЖАК калктын оорулардын алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн сактоо маселелери боюнча маалыматтык сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууга аракет кылат.

Бул кан басымынын көтөрүлүшү көйгөйүнө, кан-тамыр системасынын абалын чагылдыруучу негизги индикаторлордун бири болгон артериалдык кан басымын такай текшерип турууга өз убагында көңүл бурууга багытталган иш чаралардын бири.
Биздин максаттары – бул:
– калктын ден соолугун чыңдоого көмөктөшүү;
– оорулардын алдын алуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү;
– сергек жашоо образын популяризациялоо.

Артериалдык кан басымды көзөмөлдөөдөгү көрсөткүчтөр жүрөк- кан тамыр ооруларынын алдын алуудагы эң маанилүү чаралардан болуп саналат.

Өзүңүздү жакшы карап, артериалдык кан басымыңыздын деңгээлин көзөмөлдөп, өз убагында дарыгерге кайрылып туруңуз!

  • admin      
  • 163 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви