Language switcher

  • 214 просм.

БИЙИКТИКТЕРДИ ЧОГУ ЫЛДАМ БАГЫНДЫРАБЫЗ

Өткөн дем алыш күндөрү, 29-сентябрь, 2024-жылы, МКК “Байлык Финанс” ЖАКтын кызматкерлери Бишкек шаарындагы VISA Leopard Run 2024 күзгү чуркоо жарышына активдүү катышышты, ошондой эле Алматы шаарындагы Almaty Marathon 2024 жарышына да катышышты. Бул иш — чаралар миңдеген чуркоочуларды бириктирет жана маанилүү социалдык миссияга ээ-дени сак адаттарды калыптандыруу жана спортту калк арасында жайылтуу.

Биздин кызматкерлер Бишкек шаарында VISA Leopard Run 2024-жарышта 5, 14 жана 21 чакырым аралыкка катталып, мыкты жыйынтыктарды жана чыныгы атаандаштык духун көрсөтүштү! Алардын көбү жаңы жеке рекорддорду коюшту!
14 км аралыкта ардактуу 3 орунду ээлеген кызматкерибиз Султанова Айжанга өзгөчө куттуктоо! Айжанды чын жүрөктөн куттуктайбыз жана ага мындан аркы жеңиштерди жана ийгиликтерди каалайбыз! 🎉🎊

Алматы шаарында өткөн Almaty Marathon 2024 жарышына биздин кызматкер Цвиренко Анатолий катышты. Анатолий 21,1 км аралыкты укмуштуудай убакыт менен, тагыраак айтканда 1 саат 32 мүнөт аралыкта ийгиликтүү басып өттү! Ал кайрадан жогорку көрсөткүчтөрүн көрсөттү! Анатолийге мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!🏆

Бардык кесиптештерибизди жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз!💥🤩 Биз Чемпиондор командасыбыз! Биз күчтүүбүз жана биз ылдамбыз! Биз бүтүндөй бирбиз!

Биз спорттук демилгебизди толук колдогону үчүн “Байлык Финанс” жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз! 🤍

  • admin      
  • 214 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви