Language switcher

  • 749 просм.

Байлык Финанс Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фонду (UKDF) менен кредиттик линияны берүү боюнча келишимге кол койду 

Байлык Финанс Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фонду (UKDF) менен Кыргыз Республикасындагы бизнести каржылоо үчүн жалпы суммасы 1 миллион долларлык кредиттик линияны берүү боюнча келишимге кол койду

«Биздин компаниянын милдети айыл жеринде микро жана чакан бизнести өнүктүрүү жана колдоо болуп саналат. UKFM менен кызматташуунун аркасында биз микроишкерлерди каржылоонун камтылышын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулата алабыз», – деди кол коюлгандан кийин «Байлык Финанс» МККнын башкы директору Чынара Молдажанова.
Бүгүнкү күндө компания республика боюнча 50 000ден ашык кардарларды тейлөө менен микрокаржылоо рыногунда 3-орунду ээлейт. Белгилей кетсек, Компаниянын портфелиндеги ишкерлердин үлүшү 66%дан ашуун.

  • admin      
  • 749 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви