Language switcher

  • 556 просм.

Байлык Финанс Балдарды коргоо күнүнө карата сынак өткөрдү!

Кыргызстанда жайдын алгачкы күнү дүйнө жүзүндө белгилегендей эле – Балдарды коргоо күнү – сонун, кубанычтуу майрамды белгилешет! “Байлык Финанс” бардык балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктайт жана ар бир балага бекем үй бүлө, бактылуу балалык үчүн зарыл болгондун бардыгын каалайт🙏🏻

Балдардын жылмаюусу биздин планетага жарык берип, жер жүзүндөгү ар бир бала дени сак жана бактылуу болсун!
Майрамдын урматына “Байлык Финанс” компаниясы үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу максатында кызматкерлердин балдарынын арасында “Биздин үй-бүлөдөгү салттар” темасында кызыктуу жана шаңдуу конкурс өткөрдү. Конкурстук комитет кичинекей катышуучулардан өтө көп сандагы видеолорду алышты, анда балдар үй-бүлөдөгү бактылуу жашоолору, үй-бүлөсү менен бирге бош убактыларын кантип өткөргөндүгү, спорт менен машыккандыгы, биргелешип кечки тамак жасагандыгы жана муундан-муунга кандай салтты калтырып жаткандыгы тууралуу айтып беришти❤️

Конкурс балдардын 3 жаштык категориясы үчүн уюштурулган, анда ар бир катышуучу кепилденген белекке ээ болду, ал эми эң мыкты 9 эмгектин ээлери Супер байгелерди алышты. Биздин жеңүүчүлөрдү тосуп алгыла!

⭐️4 жаштан 7 жашка чейинки категорияда:
1-орун: Амир – 6 жашта, Эмир – 5 жашта – Түп кеңсеси;
2-орун: Ширин – 7 жашта – Баткен кеңсеси;
3-орун: Альбина – 5 жашта, Чыңгыз – 4 жашта – Кемин кеңсеси.

⭐️8 жаштан 12 жашка чейинки категорияда:
1-орун: Дарман – 10 жашта – Кызыл-Суу кеңсеси;
2-орун: Исхак – 9 жашта;
3-орун: Айзат – 10 жашта – Отуз-Адыр кеңсеси.

⭐️13 жаштан 15 жашка чейинки категорияда:
1-орун: Раяна -14 жашта – Сүлүктү кеңсеси;
2-орун: Акмаржан – 13 жашта – Раззаков кеңсеси;
3-орун: Амина -14 жашта – Башкы кеңсе.

  • admin      
  • 556 просм.
Бөлүшүү:
Читайте также
Жаңылыктар архиви