- 1027 просм.
Байлык Финанс Балдарды коргоо күнүнө карата сынак өткөрдү!
Кыргызстанда жайдын алгачкы күнү дүйнө жүзүндө белгилегендей эле – Балдарды коргоо күнү – сонун, кубанычтуу майрамды белгилешет! “Байлык Финанс” бардык балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктайт жана ар бир балага бекем үй бүлө, бактылуу балалык үчүн зарыл болгондун бардыгын каалайт
Балдардын жылмаюусу биздин планетага жарык берип, жер жүзүндөгү ар бир бала дени сак жана бактылуу болсун!
Майрамдын урматына “Байлык Финанс” компаниясы үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу максатында кызматкерлердин балдарынын арасында “Биздин үй-бүлөдөгү салттар” темасында кызыктуу жана шаңдуу конкурс өткөрдү. Конкурстук комитет кичинекей катышуучулардан өтө көп сандагы видеолорду алышты, анда балдар үй-бүлөдөгү бактылуу жашоолору, үй-бүлөсү менен бирге бош убактыларын кантип өткөргөндүгү, спорт менен машыккандыгы, биргелешип кечки тамак жасагандыгы жана муундан-муунга кандай салтты калтырып жаткандыгы тууралуу айтып беришти
Конкурс балдардын 3 жаштык категориясы үчүн уюштурулган, анда ар бир катышуучу кепилденген белекке ээ болду, ал эми эң мыкты 9 эмгектин ээлери Супер байгелерди алышты. Биздин жеңүүчүлөрдү тосуп алгыла!
4 жаштан 7 жашка чейинки категорияда:
1-орун: Амир – 6 жашта, Эмир – 5 жашта – Түп кеңсеси;
2-орун: Ширин – 7 жашта – Баткен кеңсеси;
3-орун: Альбина – 5 жашта, Чыңгыз – 4 жашта – Кемин кеңсеси.
8 жаштан 12 жашка чейинки категорияда:
1-орун: Дарман – 10 жашта – Кызыл-Суу кеңсеси;
2-орун: Исхак – 9 жашта;
3-орун: Айзат – 10 жашта – Отуз-Адыр кеңсеси.
13 жаштан 15 жашка чейинки категорияда:
1-орун: Раяна -14 жашта – Сүлүктү кеңсеси;
2-орун: Акмаржан – 13 жашта – Раззаков кеңсеси;
3-орун: Амина -14 жашта – Башкы кеңсе.
- 1027 просм.